www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП Иса Өмүркуловдун тагдырын чечти

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирди.

Маалыматта Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

31-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Анда 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу макулдашылган.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын төрагасынын орун басары болуп тандалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости