www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП саясий партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун төрагалыгы менен катышарын партиянын мүчөсү, журналист Асланбек Сартбаев Vesti.kg сайтына маалымдаган.
“КСДПнын төрагасынын милдетин аткарып жаткан ЖКнын депутаты Асел Кодуранова жана бийликтин көз жаздымында калган жаңы КСДПнын башчысы Сагынбек Абдрахманов Туйгуналы Абдраимовго партияны башкарып берүү сунушун айтышты. Алар аны жетекчи катары таанып, биргеликте шайлоого барууга даяр. Бул боюнча сүйлөшүүлөр кечээ жүрдү. Ошондой эле, Ирина Карамушкина жана Алмазбек Атамбаевдин уулдары бизден бөлүнөрү белгилүү болду“, - деди Сартбаев.
Сартбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Туйгунаалы Абдраимов Кой-Таш айылына элдин батасын алуу үчүн барат.
Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошоткон. Тиешелүү буйрукка Абылгазиев 2019-жылдын 10-июнда кол койгон.
Эске салсак, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган.
Кийин коомдук активисттер анын кызматтан кетишин талап кылышкан.
Булак: NazarNews.kg