www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Экономикалык кырдаалда колдонула турган «Турукташтыруу» фонду түзүлөрү айтылып жатат, бирок кризисти, бюджеттеги тартыштыкты эске алганда, фондго кайсы каражаттар салынышы мүмкүн?

- Фонд түзүү идеясы жакшы. Былтыр ички дүң продукция 8,6 пайызга азайып кеткен. Эгер быйыл жок дегенде 10 пайызга өссөк, былтыркы тартыштыкты жаап, аз-аздан өнүгүүгө бет алган болобуз. Фондго каражатты Кумтөрдүн эсебинен тапса болот. Себеби быйыл алтынды өзүбүз иштетип, сатып жатабыз да.

Мурда ИДПга бөлүшүп келгенде өндүрүлгөн алтындын дээрлик 75 пайызы Канаданын эсебине кирип, бизге 26 эле пайызы түшчү. Азыркы учурда алтындын баардык кирешеси биздин ички дүң продукцияга кирет. Ошондуктан ИДПнын тез өнүгүшүнө, фондго каражат табууга шарттар бар. Кумтөрдөн жылына 20 тоннага жакын алтын чыгарылат, быйыл куру дегенде 15 тонна чыгышы мүмкүн. Ушул акчанын бир тоннасын фондго салса деле резерв толот (!) деген ойдомун.

- Кийинки жылда чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төмөндөтүү пландалууда, муну ишкерлерге жеңилдик кылуу деп түшүнсөк болобу?

- Бул чакан жана орто ишкерчилик менен алектенгендерди кош бухгалтерия жүргүзүүдөн чыгарууга багытталган чечим. Тактап айтканда, салык төлөөдөн качып, кызматкерлердин айлык акысын «конверт» менен берген көрүнүштөрдү жоюу. Мамлекетке төлөнүүчү социалдык салыктардын көлөмү дээрлик 29% болгонуна байланыштуу, бизнес кылгандардын басымдуусу салык кызматкерлерине чыныгы кирешени, иштеген кызматкерлердин маянасынын көлөмүн жана кызматкерлердин санын дагы азайтып көрсөтүүгө көнүп алышкан.

Албетте, ачык, салыктардын баарын төлөгөн ишкерлерибиз да көп. Анткен менен өлкөдөгү көмүскө экономиканын деңгээли 50 пайыз же андан дагы көп экени жашыруун эмес. Бирок, бул жерде экинчи дагы бир маселе келип чыгат. Маселен, социалдык төлөмдөрдүн көлөмү азайса, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөдө маселе жаралышы ыктымал. Бул учурда социалдык бюджетти башка булактын каражаттарынан колдонуу зарылчылыгы келип чыгат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости