www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин көптөгөн коомдук ишмерлер бул окуяга өз бааларын берип жатышат. Алардын бири, экс-депутат, экс-спикер Кубанычбек Исабеков чек ара маселеси бийликтин биринчи кезекте чече турган маселеси болуш керек дейт.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегендей, өз милдетин аткарып жаткан чек арачы Равшан Муминов курман болду. Бул дагы баатырдык болуп эсептелинет. Артында балдары, карыган энеси калды. Жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мен ишенем, өкмөт, жергиликтүү бийлик жана чек ара кызматындагылар аларды калтырып койбой, моралдык жана материалдык жактан жардам көргөзөт деп. Бул маселе мыйзамда дагы каралган.

Коңшуну тандабайт дейт. Ошол эле маалда эки жак тең бирин-бири сыйлап, урматтап, тынч бир туугандай жашашы керек эле. Азыр болсо алар кыргыз тарапты, биз тажик тарапты күнөөлөп атабыз. Президенттер дагы, өкмөт дагы жана тийиштүү кызматтар жолугуп жатышат. Бирок аягына чыкпагандан кийин бул бийликтин чоң кемчилиги деп эсептейм. Бул маселени кабыргасынан коюп, сөзсүз чечиш керек. “Өз аскерлерин бага албаган башка бирөөнүн аскерлерин багат” деген илгертеден калган сөз бар. Ошону үчүн бизде аскер жана күч түзүмдөрүнө реформа керек эле. Аталыштары менен жетекчилерин өзгөртүп коюп, ошол бойдон калтыра бербей, бул тармактарга көңүл бөлүнүп, материалдык жана техникалык жактарын караштырып, даярдыктарын күчөтүш керек эле.

Андан тышкары глобалдуу маселени карай турган болсок, Россиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп, алар Баткен жакка аскер базасын орнотсо. Жок дегенде окута турган борборлор ачылса. Россиянын азыркы президенти Владимир Путин кандай абалда кабыл алды эле мамлекетти? Ал күч түзүмдөрүнө көңүл бөлдү дагы Россиянын аскерлери, күч түзүмдөрү азыркы күндө дүйнө боюнча биринчилерден болуп калды. Владимир Путиндин “күч менен эсептешет, күчкө баа берет” деп айтканы бар. Радикалдуу түрдө айтканым жок. Ошентсе дагы бизде тынч эмес, эл аралык терроризм, наркобизнес, куралдарды жана адам сатуу боюнча кылмыштуу иштер күч алып жатат. Биз кайдыгерлик кылбай, уктабай, өз аскерлерибизди тиешелүү түрдө жогорку деңгээлде карап, көңүл бөлүп, тажрыйбасын жана тактикасын өзгөртүп, бүгүнкү күндүн талабына жооп бергидей кылышыбыз керек. Болбосо мындай чыгымдар, өлүм-житимдер, жарадарлар көбөйө берет.

Эки президент жолугуп бир чечимге келишпеди беле?! Президент аткарылышын талап кылышы керек эле. 4-5 кишини чогултуп жыйналыш өткөргөндө жыйынтык чыкпайт. Бул маселе президенттердин деңгээлинде чечилиши керек. Азыр чек арачылар атышып, кишилер өлүп, үйлөр өрттөнүп, аскердик күчтөр чогулуп кырдаал чыңалып турган маалда эки тараптык сүйлөшүүлөрдү чек ара кызматынын жетекчилеринин орун басарлары жүргүзүп жатат. "Алардын колдорунан эмне келет?" деген суроо жаралат. Жөнөкөй эл жапа чегип жатат. Жүздөгөн жашоочулар үй-жайын, оокаттарын, малдарын таштап көчүрүлдү. Жеке эле бул айылда эле эмес, башкаларда дагы чыр-чатак чечилген жок. Бийликтин чече турган эң биринчи маселеси ушул болуш керек.

Бул маселенин жаралганына отуз жылдай болду. Бирок, биздин өкмөт, тышкы иштер министирлиги эмнеге бүгүнкү күнгө чейин эле бул маселени чечпей келишет. Күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылаарына мен ишенбейм.

Элибизди провокацияга алдырбоого жана сабырдуулукка чакырам!

Урматым менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков

Последние новости