www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков кыргыз элине жана Жогорку Кеңештин депутаттарына Кайрылуу жасады.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жана жалпы элдин жашоо-турмушун өзгөртүү максатында «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы түзүлдү.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жакырчылык калктын үчтөн бир бөлүгүн ээледи, жумушсуздук күчөөдө, Кыргызстандын ички жана сырткы карызы кескин түрдө көбөйүүдө. Кичи жана орто бизнеске толук кандуу колдоо болгон жок, миграция көйгөйү жана кошуна өлкөлөр менен чек арадагы конфликттер чечилбей келүүдө. Элибиз ушундай коомдук-саясий абалдан тажады.
COVID-19 пандемиясы адам ыйлаарлык абалда экенибизди көрүүгө жардам берди. Биздин өлкөбүздүн бул маселе боюнча өзгөчө абалга даяр эместигин көрдүк. Кээ бир саясий кызматтагылардын өз ишине, көйгөйлөргө шалаакы мамилеси өлкөнү бүгүнкү абалга алып келди.
Өзгөчө абал, Өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Өкмөт тез аранын ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизди, Экономика министрлигинин божомолунда бюджеттин кирешелүү бөлүгү жылдын аягында 19%га кыскарышы мүмкүн. Жыйынтыгында бюджеттин дефицити 28 млрд. сомго өсөт.
Биздин көз карашыбызда коррупцияга каршы күрөшөбүз деген билдирүүлөр менен, аткарылып жаткан иштер өз жыйынтыгын толук берген жок. Мурдагыдай эле министрликтер менен ведомстволордо коррупциялык фактылар дагы деле аныкталууда. Ал эми коррупциялык иштер боюнча тийиштүү чечимдер чыкпай жатат. Коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү жолу катары чиновниктердин топтогон байлыгынын көлөмү, ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, айлык акысын, үй-бүлөөсүнүн тапкан кирешесин жана социалдык абалын көзөмөлдөө, деп эсептейбиз.
Ошондой эле өлкөдөгү саясий абал өтө татаал болуп турат. Пандемиянын айынан жергиликтүү кеңештердин шайлоосу токтотулган. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына бүгүнкү күнгө чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселелер чечиле элек. Андан сырткары депутаттар тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү мыйзамы” одоно бузулуп жатканына күбө болуп турабыз.
Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезектеги шайлоосу ачык, таза, мыйзам талаптарын аткаруу менен өтсүн десек, мурдагыдай терс көнүмүш адаттардан баш тартышыбыз керек.
Жогорудагыларды эске алуу менен «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы республикабыздын бийлигине төмөнкүлөрдү сунуштайт:
1.Жаңы элдик ишенимдүү Өкмөттүн курамын эффективдүү менеджерлерден түзүүнү. Ал аткаруу бийлигинин негизги милдети COVID-19 пандемиясы аяктагандан кийин кыска мөөнөттүн ичинде экономиканы өнүктүрүү үчүн өнөр жайына реалдуу көмөк көрсөтүү жана приоритеттүү багыттарды аныктоо болуш керек.
2.Кызматтагы адамдардын ири киреше, чыгашаларына карата көзөмөлдү күчөтүү. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана паракорчулукка каршы жазаны күчөтүү зарыл, факты аныкталган учурда анын мамлекеттик кызматта мындан ары иштөөсүнө толугу менен тыюу салуу.
3.Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосун Өзгөчө кырдаал режими аяктаганда өткөрүүсү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу менен бирге болбоосу сунушталат.
4.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүсүн талап кылып, төмөнкү пикирлерди эске алуусу керек деп эсептейбиз:
--Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 120дан 75ке түшүрүү, шайлоо системасын мажоритардык негизде өткөрүү. Депутаттар өлкөнүн ар бир районунан жана чоң шаарларынан шайланышы керек. Тилекке каршы, эгерде партиялык негизде шайлоо болсо, шайлоочуларга партиянын тизмесинен өзүнө жаккан кайсыл бир талапкерге добуш берүү нормасын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына киргизүү;
--Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыкка талапкердин жашын 21ден 25 жашка көтөрүү;
--КРнын Конституциясына Жогорку Кеңешке шайланган депутатты ээлеген оордуна татыктуу болсбосо шайлоочулар тарабынан чакыртып алуу укугун киргизүү;
--Шайлоо босогосун 9%дан 5%га түшүрүү;
--Шайлоо күрөөсүнүн акысын 5 млн. сомдон 1 млн. сомго төмөндөтүү;
--«Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы өзүнүн бийликке карата конструктивдик опозицияда экендигин билдирип, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө жана туруктуулугуна болгон аракетин кылууга, элибиздин келечегине кайдыгер эмес баардык жарандарыбызды жана коомдук-саясий уюмдарды биригүүгө чакырат.
--Бийлик тарабынан аткарылып жаткан жетишкендиктерди колдоого, кемчиликтерди айтып турууга, аларды мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экендигибизди билдиребиз. «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы сүйүктүү Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн баардык аракетин жасоого даяр! Биз радикалдарга каршыбыз", - «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылынын лидери Кубанычбек Исабеков.
Тел.: 0707900911; 0553900911; 0312 911-911
Эл.дареги: [email protected]
Булак: NazarNews.kg