www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз урагандан тартып, Кыргызстанда баатырлар көбөйдү. Арасында “Баатыр” наамына татыктуусу дагы бар, татыктуу эмеси дагы арбын. Ал эми “эмгек сиңген...” деген сыяктуу наамдар болсо тааныш билиштер менен эле чечилип, базардагы күркөдөгү соода-сатыкка эле айлангандай болуп кетти. Мына ушул сыйлык, наамдардын ыйгарылышы, жол-жоболору тууралуу Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери, коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков төмөнкү ойлорго токтолду.

-Кубанычбек Сатиндиевич, учурда өлкөдө наам, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу кандай жолго түшкөн. Анын жол-жобосу, кимге кайсыл наамды ыйгаруу керек экендиги боюнча бирдиктүү, кынтыксыз позиция барбы?  

-Мен  мамлекеттик сыйлыктар  тууралуу төмөндөгүнү айта алам. Советтер Союзу убагында, андан соң Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери бизде өзүбүздүн сыйлыктар пайда болгон. Жакында Болот Шамшиевге “Баатыр” деген наамды берүү тууралуу бир топ кайрылуулар болду. Өкүнүчтүүсү улуу инсандарыбызды көзү тирүүсүндө баалай, барктай албай жатабыз. Мисалы, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Мамат Айбалаев сыяктуу элге эмгеги сиңген, өлкөбүз үчүн туруп берген кадыр-барктуу адамдарды мамлекет тарабынан карап койсо жакшы болот эле. Болбосо эки-үч пьеса жазган кишилер деле баатыр болушту. Анын үстүнө бизде эмгек боюнча баатыр болдубу же мамлекетти коргоп, эл четинде, жоо бетинде жүрүп баатыр болдубу так белгиленбей келет. Президент, Жогорку Кеңеш дагы өзүнчө “Кыргыз эл баатыры” же “Кыргызстандын эмгек баатыры” наамын бөлүп чыгарса жакшы болмок. Мисалы, мурда ар биринин өзүнүн мааниси менен Советтер Союзунун баатыры, Социалисттик эмгектин баатыры, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл-Туу ордени, биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы Даңк ордендери согуш убагында баатырларга берилген, биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы Эмгек даңкы дагы бар эле. Бизде азыркы убакта андайлар жок, баардыгына эле бирдей берилип жаткан Кыргыз Эл баатыры, Манас ордени жана Даңк медалы бар.

-Чакан өлкөбүз үчүн сыйлыкка татыган адамдардын саны арбынбы же кемби? Аз дегенби же көп деп ойдосузбу?

- Акыркы убакта коомдук уюм, фирмалар же фонд болобу өзүнүн медалдарын чыгара баштады, грамота берип, конкурстарды уюштуруп жатышат. Гезит-журналдар дагы жылдын мыктысын аныктап келишет. Мен буларды колдоор элем. Бирок мамлекеттик сыйлыктар жокко эсе болуп, алардын баркы түшүп, көрүнбөй, билинбей жатат. Мамлекеттин бир ордени же медалы болсо, мааниси-шааниси, статусу жок ар кандай металлдардан жасалган төш белгилеринин арасынан көрүнбөй калууда.

Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө өзүнчө мыйзам бар. Бул мыйзамда кайсы сыйлыктар мамлекеттик болуп эсептелинээри жазылган. Андан сырткары министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин дагы төш белги, медалдары бар. Негизги мамлекеттик сыйлыктардын мааниси, баркы да кетип, көрүнбөй-билинбей калып жатат. Кадыр баркы кеткен бийлик эми пачкалап сыйлыктарды таратып, көңүл алып, электорат топтоодо. 2010-жылы Апрель баатырлары деген төш белгилерин чыгарышкан. Миңдеген кишилер ошол төш белгинин ээси болду. Алардын ичинде татыктуулары көпчүлүк болсо керек. Бирок арасында эч кандай катышпагандары дагы, тиешеси жоктору дагы ал тургай мародер болгондору дагы бул медалды алышкан. Ал тургай башка белгисиз бир кишинин өлүгүн Ата-Бейитке көмүп, миллиондон акча алышкан. Ал киши тирүү табылып, бүгүнкү күнгө чейин Екатеринбургда мигрант болуп жүрөт . Бул маселелер боюнча бир топ массалык маалымат каражаттарында дагы материалдар чыккан жана Жогорку Кеңеш дагы талкуулаган. Бул Апрель баатыры деген наамдын төш белгисин 2010-жылы Убактылуу “самопальный” Өкмөт ойлоп чыгарган. Мыйзамдаштырылган эмес. Бул наамды берип, элди жөн гана алдап коюшкан. Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамга киргизилген эмес жана статусу дагы жок. Ал эми А. Атамбаев дагы кетээринде жайнаган 300-500 кишини чакырып алып, 21-22 жаштагы улан-кыздарга эмгеги сиңген деген наамдарды берген. Орден, медалдарды тараткан. Кийин азыркы ажобуз деле жүздөгөн кишилерге сыйлыктарды берди. Андан сырткары Өкмөт дагы өзүнүн сыйлыктарын тапшырып жатат. Полковник, генералдардын саны дагы көбөйдү. Мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркы кетти.

-Сыйлык, грамота тапшыруу кандайдыр бир деңгээлде электораттын көңүлүн алуу, жагынуу сыяктуу болуп калган жокпу?

-Ошондой эле болуп калды. Мисалы, Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы мурун мамлекеттик сыйлыктын катарына кирчү. Кийин Президент өзүнүн грамотасын чыгарып, ал мамлекеттик сыйлыка кирип, Жогорку Кеңешдики кирбей калды. Жогорку Кеңешдин Ардак Грамотасы кимге тапшырыла тургандыгы тууралуу жобосу бар. Парламентаризмдин өнүгүшүнө, мыйзам, токтом чыгарууга кошкон салымы үчүн берилет. Бирок жакыныбы, тууганыбы, трактористтерден баштап фермерлерден өйдө, жана башка кишилердин баары тең эле Жогорку Кеңештин  Ардак грамотасы менен төш белгисин алып жатышат. Бул төраганын өзүнүн аброюн көтөрүү үчүн жасап жатканыбы? Же келечекте менин шайлоочум болсун деп кылганыбы? Бул маселени депутаттар  дагы караса жакшы болор эле.

-Албетте, жашоодо эмне көп болсо анын баркы бара-бара кетип калат эмеспи. Наамдар, сыйлыктар көбөйдү деп жатабыз. Ошону менен анын баркы дагы кетпей элеби?

-Советтер Союзу убагында уставды бузган прапоршиктер, лейтенант, капитандар гауптвахтага, ал эми майордон өйдө наамы барлар үй камагында болчу. Азыр болсо алар дагы түрмөгө камалып жатышат. Тарыхыбызды алсак түрмөгө отурган генералдар дагы болду. Азыр болсо “Кыргыз Эл баатыры” А. Атамбаев түрмөдө отурат. Сооронбай Жээнбеков Президент болоору менен биринчи жарлыгы менен ага эң жогорку ыйык наам берген. Төш белгиси берилбесе дагы бул наам Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы бүткүл Кыргыз Республикасында аткарылышы керек. Бул нормативдик укуктук акт болуп эсептелинет. Кыргыз Эл баатырынын түрмөдө отурганы жакшыбы? Же болбосо баатырлыгын алып коюш керек эле. Бул мамлекеттик сыйлыктарды тебелегенге барабар болуп жатат. Ушуну Президентибиз баш болуп, сыйлыктарды оңду-солду таратып жаткандар эске алып коюшса жакшы болоор эле. Сыйлык менен наам адамдын кылган эмгегине, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымына жараша берилсе. Эгер сыйлыктар, төш белги, грамоталар менен турмушубуз, экономикабыз оңолсо анда бүткүл кыргыз элибизге таратылсын.

Аягында кайрылаарым тууган-уругуна, партиялаштарына, жердештерине, досторуна эмес, мамлекетибизди бекемдөөгө экономикасын көтөрүүгө талыкпай эмгектенип, элибиздин, журтубуздун сый-урматына татыктуу болгон инсандарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылса жакшы болор эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости