www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда. Ушул тапта, кыргыз тараптагы чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүп, аскерлердин аракеттерин Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев көзөмөлдөөдө.

Ошол эле учурда,  Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер болсо,  кадимки режимде иштеп жаткандыгы маалым болду.

Эске салсак,  10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылгандыгы маалымдалган.  Ок тажик тараптан гана атылып, маал-маалы менен кайталанган.

Ал эми аталган окуя боюнча, Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости