www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түгөлбай Казаковдун УТРКдан кетиши коомчулукта талкуу жаратты. Бул боюнча УТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов дагы өз пикирин билдирди.

“УТРК нын Түгөлбай Казаков агабызды штаттан чыгарып, кабинетин алып койгону ото туура эмес жасалган жумуш. Керек болсо, УТРК Казаковго эмес, Казаков УТРКга керек. Адамдын коомдо ээлеген орду, кадыры, айткан сөзүнүн элге таасири канча экенин билбегендиктин жыйынтыгы ушул болуп олтурат. Тугөлбай аганын штаттык бирдигин алгандар, керек болсо 30-40 адам биригип да ал берген материалды бере албайт да. Ал эми "жок, Тугөлбай байке УТРК дан кеткен жок, штаты менен кабинетин эле алдык. Гонорар алып иштей берет" деп жаткан телечилер силердин айтканыңар суу кечпейт. Көздү чоңураак ачып орустун негизги каналдарында 90го чыккан В.Познер, 78 деги Л.Якубовичтер неге иштеп жатканын анализдеш керек. Анткени алардын жетекчилери билет аталган адамдардын коомго таасирин, миллиондогон көрүүчүлөрдү кармап олтурганын. Бу жерде өлкө жетекчилиги кийлигишип, Түгөлбай аганын штаттагы ордун кайра калыбына келтирүүсү керек. Менимче бул жалпы элдин ою деп айтсам деле жаңылышпайм”,-деп жазган Болотканов.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости