www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика тууралуу билдирүү жасап жатып электр энергия үчүн төлөмдөрдү кайра карап чыгуу керек экенин билдирди. Анын айтымында электр жана энергетика тармагын тейлөө үчүн кошумча каражат булактар табылбаса бул сектор өзүнө тагылган милдетин аткара албай калат.

Себеби убакыт өткөн сайын электр энергиясын колдонуучулар көбөйүүдө. Акылдуу эсептегичтерди койгондон кийин жоготуулар 22%дан 12%га чейин төмөндөгөн. Азыр иштелип чыккан электр энергиясынын баасы 1.4 сомду түзөт. Энергокомпаниялар учурда оор абалда, эл аралык уюмдардан кредит алууга муктаж болуп турушат ошондуктан, энергетика тармагында реформа жүргүзүп, жаңы баа саясатын кабыл алуу керек.

Эске салсак, буга чейин баш прокурор Жамшитбек Калилов дагы электр энергияга коюлган бааны көтөрүү керектигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости