www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” фонддун басма сөз кызматы ырастады. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон. Бул кызматтан былтыр жыл башында кеткен.

Министрлер кабинети Кудрет Тайчабаровго 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир тууган карындашы Адинай Марипованы ачык сүрөгөн деген негиз менен сөгүш берген.

Туризмди өнүктүрүү фондун буга чейин Абылкасым Шерниязов башкарып келаткан. Ага чейинки директору Елена Калашникова 2023-жылы коррупцияга шек саналып кармалып, июль айында үй камагына чыккан.

Фонд 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости