www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-февралда Парламент депутаттары  Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан “Атаандаштык жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоодо КРнын Өкмөтү ишкерлерди текшербейбиз, жеңилдик беребиз деген менен иш жүзүндө тоскоолдук жаратып, ал тургай карапайым калктын жонунан кайыш тилип жатышкандыгын айтып чыгышты.

Мисалы, депутат Зиядин Жамалдинов эл аралык талаптар ушундай дегенибиз менен, бул мыйзам долбоору ишкерлерге бир топ тоскоолдуктарды жарата турган ченемдик укук актысы болуп калганын, анын жоболорун кыйла жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал буга "Кыргыз Түштүк Цемент" компаниясынын ишин мисал тартты. Депутаттын айтымында, аталган ишкана өндүрүлгөн цементти экспортко арзан чыгарып, ички рынокко кымбат баада сатууда. Мындай баа саясаты атамекендик ишкерлердин атаандаштыгына зыян келтирүүдө.

Ал эми депутат Бактыбек Турусбеков Экономика министрлигинин ЕАЭБ алкагында улуттук мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү ишин координациялай турган түзүмдүн түзүлүшүнө карата пикирине кызыкты. Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргендиктен, мыйзамдардын өз ара шайкеш келтирилиши биздин ишкерлер үчүн өтө зарыл экенин билдирди. «Азыркы каралып жаткан мыйзам долбоору дагы ошондой ченемдик укук актылардын катарына кирет», - деп кошумчалады ал.

Депутат Эмил Токтошев азыркы учурда күйүүчү май сатуучулар анын дүӊ баасына 10% кошуп сатып жатканын, муну Антимонополиялык агенттик көзөмөлдөбөгөнүн айтты. «Мисалы, дизелдик майдун дүӊ баасы 40 сом экенине карабастан, ал азыр 45 сомдон сатылууда. Агенттиктин башчысы кофиденциалдуу маалымат деген шылтоо менен күйүүчү майлардын дүӊ баасын жашырып отурат. Кандай жашыруундуулугу бар? Эмне үчүн мен билем, ал билбейт, билсе дагы айткысы жок? Демек, анын майды дүӊ баасында саткан компаниялар менен өз ара сүйлөшүп алганы көрүнүп турат», - деди жаны кашайган депутат.

Ал эми депутат Аалы Карашев ишкерлердин атаандаштыгына бирдей шар түзүп берип жатабыз дегени менен, Экономика министрлиги баш болгон мамлекеттик органдар тескерисинче ишкерлерге кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын, ага сунушталган мыйзам долбоору мисал болорун айтты. «Алардын бизге айтканы менен жазган мыйзам долбоорунун ортосунда кыйла айырма болууда», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости