www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун атына берилген паспорттордун (ID жана жалпы жарандык паспорт) мыйзамдуулугун жокко чыгаруу боюнча соттук иш токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айыпталуучунун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымына караганда, Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти доо арызын артка кайтаргандыгына байланыштуу сот ушундай чечим кабыл алды.
Адвокат ошондой эле департамент сотко берилген документтердин түп нускасын көрсөтө албай калышы дагы ыктымал экенин белгиледи.
"Алар россиялык документтерге шилтеме берип жатышкан, бирок ал документтердин аныктыгына тергөөчү гана кол койгон. Бирок тергөөчү документтердин аныктыгын аныктоочу тарап боло албайт", — деди юрист.
Булак: NazarNews.kg