www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мурас-Ордо" конушундагы мектептин курулушун бүткөрүүгө дагы 150 миллион сом керектелери Бишкек мэриясынын кеңешмесинде белгилүү болду. Коомдук - мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Ренат Айтымбетовдун айтымында 2016-жылы курулушка тендер жарыяланып, анда 111 миллион сом талап кылынаары көрсөтүлгөн, ал эми 2018-жылдын октябрь айында 24 миллион сомго кошумча келишим түзүлгөн, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Ал белгилегендей учурда 119 миллион сом каржыланган. Подрядчиктин бюджет алдындагы карызы 7,5 миллион сом. Алгач бир кабаттуу мектеп куруу пландалган, анын аянты 5,6 миң чарчы метр болмок. Бирок аймак даярдалгандан кийин подрядчик аянтты чоңойтууну сунуштаган. Алдыңкы кабатта устачылык жана окуу класстары жайгашкан, ашкана менен спортзал да чоңойтулмак. Мунун каркасы учурда курулду, жалпысынан аянт 3 миң чарчы метрге жетти.

Бирок Суракматов баштагы долбоор боюнча кетип жаткан ишти ошол боюнча бүтүрүү керектигин, орто жолдон кымбаттатып жиберүү эч кимге жакшылык алып келбей турганын айтты. "150 миллион сом үчүн башым менен жооп беришим керекпи? Силер азыр 111 миллионго кура бергиле, а 3 миң чарчы метр аянтты кийин курганыбыз жакшы. Тендер боюнча эмне болсо ошону куруш керек улам-улам кошуп отурбай. "Калыс-Ордодогу" мектеп аздык кылдыбы? Минтип тобокелчиликке барбагыла!" - деди чок баскандай чоочуган мэр.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости