www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун алкагында эки мектепти куруу үчүн берилген 2 миллион доллар гранттык каражатты ошол убакта Бишкек мэри болуп турган Кулматов мыйзамсыз пайдаланганы тергөөнүн жүрүшүндө билинди. Эми анын ишин сот териштирет. Эгерде тергөөдөгү фактылар далилденсе, анда Кулматов 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Мындан сырткары дагы бир экс-мэр Албек Ибраимовдун да иши сотко өткөнү маалым болду. Ал «ТНК «Дастан» ААКсын жетектеп тургандаатайын жабдууларды өтө кымбат баада сатып алуу менен мамлекетке ири суммада зыян алып келгени айтылган. Андан тышкары ал Бишкек мэри болуп турганда мэриянын башка кызматтагы адамдары менен бирге борбор калаанын түштүк зонасындагы муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча кылмыштуу схема түзүүгө айыпталууда. 

Эске сала кетсек, мына ушул экөө тең экс-ажо АШАнын ишенимдүү адамдары болгон. Алар бийликтин жана байлыктын кумарына катуу баткан экен, А. Ибраимовдун «Мен атышам» деген аудиожазуусун да укканбыз. 

Биз өнүккөн, адилеттүү өлкө куруу үчүн мына ушуга окшогон мансапкор, дүнүйөкор коррупционерлерден биротоло арылышыбыз керек.

Булак: "Чыркыраган чындык"

Последние новости