www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдүн айланасындагы Үч-Көл, Коёнду жана Карасай тилкелерин чалгындоого лицензиялар башка компанияларга берилип кеткен.

Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, тилкелер Сары-Чат – Ээр-Таш коругунун аймагына кирбейт.

2015-жылы депутаттык комиссия ишин аяктаган соң «Центерра Голд» компаниясы чалгындоо ишин жүргүзүүдөн баш тарткан. Кийин бул тилкени иштетиш үчүн башка компаниялар лицензия алган.

«Биз бул маселени териштиребиз. Эмне себептен бул тилкелерге лицензия берилип келет? Коопсуздук кеңешинин алкагында да каралат», – деди Ибраев.

Буга чейин аталган тилкелер мамлекеттик коруктун аймагына кире турганы жана Кумтөргө берилип кеткени тууралуу маалыматтар айтылып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан болчу, деп «Жаңы Ордо» гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости