www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул роликтен кийин Жээнбековдор менен Матраимовдор чогуу экенинен эч ким деле шектенбей калды. Интрига да тарады. Биз Раим Матраимовдун кечээки опурула сүйлөгөнүн  ак үйчүл оппоненттер кезектеги чабуулу, коомчулуктун көңүлүн анын Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен болгон көп жылдык байланышынан алагды кылуу катары баалайбыз. Матраимов айткандарын өзү жазбаганы, буга өзү демилгечил болбогону көрүнүп турат. Аталган роликтин режиссерлору адамдардын мурдакы бажычыга карата жек көрүүсүн гана күчөтпөй, аны учурдагы президентке ого бетер катуу байлап да коюшту.  Бул тууралуу маалыматты КСДПнын басма-сөз кызматы билдирди.

Бир эле видео кайрылууда карандай калп көп. Анын ичинде, өзүнүн А.Ш. Атамбаев менен болгон «мамилеси» туурасында айткандары да калп. Ошондуктан мындай сандырак кепке комментарий берип отуруунун кажети деле жок. А.Ш. Атамбаевдин тушунда ал өз көлөкөсүнөн өзү коркуп жашаган пенде эле. Чынында бери эле дегенде, 2011-жылдан тарта мунун колдогон кожолору бир тууган Жээнбековдор экенин элдин баары билет. Буга экс-президенттин тегерегиндеги айрым башка адамдарды да пайдаланышкан.

Раим Матраимовго эч ким ишенбейт. Андан көрө коомчулукка байлык мүлкүн кайдан тапканын айтып берсе болмок. Негизи кечээ күнү ал бай адам экенин моюнга алды. Эми тийиштүү түшүндүрмө алуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Коомчулук эл арасында «Раим -миллион» деген чуулгандуу атка конгон, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келген Раим Матраимовдун байлык кирешелерин текшерүүнүн натыйжасын күтүп жатат.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости