www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шордуу кыргыз кабак ачып жайнабай,
Дагы калды кайсыл шоруң кайнабай
Жолдо калсын эссиз кыздын жоругу,
"Чай" сунууну оор көрсө капырай,
"Ондон артык төрөбөйм" деп эркеги,
Мырзалыкка шек келтирет жалжаңдай.

Кайда калды, ата- баба салтыбыз,
Наркын сактап баалуу эле баркыбыз.
Элиришкен эси жоктун айынан,
Чыктыбы же акмагыбыз, тарпыбыз.
Кыргыз каны чуркап турат тамырда,
Жоголбосун, адам сапат антыбыз.

Кылыч, найза көтөрүнбөй жоо кетти,
Атын байлап, мыскыл күлө жөө кетти.
Ар намысты тебелетип арсыздар,
Кыргызымдын намызына доо кетти.
Кыздарыңдын кылыгына каткырып,
Айтаар балким, бир мезгилде көп кепти.

Көлөкөдөй, көөдөй такты калтырып,
Энелердин күнөөлөрүн артынып.
"Идиш жуубайм, "чай сунбайм" дегенге,
Үмүт сынып турат жүрөк жанчылып.
"Жатак болот эшек жүгү жок болсо",
Бир портрет көз алдыга тартылып.

Сагыз чайнап, жалжаң сүйлөп каткырып,
Коомду бузуп жүрөт элди кас кылып.
Бириге албай кыз - эркеги турушса,
Кандай болот, душман келсе бастырып.
"Душман сыртта сак болгула" деп айтсаң,
Ичте экен, өзүбүздү бастырып.

Кыз экениң таналбайсың, төрөйсүң,
Бала сүйүп, ак бешикке бөлөйсүң.
Ата - энеңдин ак тилегин сен дагы,
Эне болуп, чайың сунуп төлөйсүң.
Жыйна акылың, өзүңө кел аруу кыз,
Эмнеликтен түшүнбөйсүң, дөдөйсүң?

Душман ичте, басып келген куралсыз,
Ачык баары тосулбаган, дубалсыз.
Эл - жериме көзүн салган көп экен,
Калбасакен, душман басып кунарсыз.
Эл коргоочу эр жигити "туубайм" деп,
Уят кылды, бүт дүйнөгө уятсыз.

Келин кайсыл, "Гейи" кайсыл күлүңдөй
Мырза кайсыл, "Бейи" кайсыл билинбей.
Айгайлашып бүт дүйнөгө жар салса,
Кантип анан жүрөк турат тилинбей.
Аруулукту, ар намысты унутсак,
Өлгөн жакшы, андан көрө тирилбей.

Көпкөндүкпү? Же оорубу капырай,
Ойум дагы турат азып чачырай.
Ошол кыздан кантип урпак алабыз,
Бүгүн турса, муштум кезеп тастаңдай.
Мырзабектер мырзагүлгө айланган,
Шор күндөргө туш келдикпи капырай.

Тер жыттанып, жыртык кийип, ат минип,
Уктабастан жоону чапкан кыргызым.
Өлсө өлгөн, ат үстундө а бирок,
Душманына берген эмес уул- кызын.
Башын алып, тилин кесип кетсе да,
Ар намысын коргоп келген кыргызым.

Эркек болгун, эл коруган шер болгун,
Эмшиңдебей кызга күйөө, эр болгун.
Элди сөзгө калтырбастан болбосо,
Купшуңдабай кыргыз элден жок болгун.
Керек эмес бизге "Гейдин" көктөрдүн,
Өчүрбөгүн жигиттиктин отторун.

Автор: Кундузбү Маматова
Булак: NazarNews.kg

Последние новости