www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар мамлекетинин кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү алдыда боло турган курман айтка карата миң кой сатып алууга тендер жарыялады.

Бул тууралуу аталган уюм тараткан маалыматта айтылат.

Ага ылайык, курман айт күнү муктаждарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга эт таратылып берилет.

Тендерди жеңген тарап эки жашка чейинки, 20 килодо ашык эт берген койду жеткирүүгө милдеттүү. Ошондой эле тендерге катышкысы келген тарап коммерциялык сунуштама жолдоп, мөөр, колу коюлган болушу керек жана салыктан карызы жок болушу зарыл.

Бишкек, Ош, Каракол жана Нарын шаарларына жеткирилет.

Арыздар 19-июлга чейин кабыл алынат.

Мусулман калкы Орозо жана курман айт майрамдарын белгилешет. Муфтият быйылкы курман айттын болжолдуу датасын 10 же 11-август деп айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости