www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде “Ата-Мекендин”  атагы таш жарып, Атамбаев, Отунбаева сыяктуу экс-президенттер кыйма-чийме байланышып, ал эмес Атамбаев өкмөт башчысынан түшүп талаалап калганда Текебаев, Жекшенкуловдор “Коомдук парламент” аркылуу оппозицияга кошкон. Атамбаевди акчасына кызыгышып 2009-жылы президенттик шайлоодо БЭКтен жалгыз президентке талапкер кылышкан. Бирок Темир Сариев темтеңдеп талапкер болуп алган. 2009-жылы 23-июлда Атамбаев президенттик шайлоо күнү  талапкердигин алып салган.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязов Атамбаевге жоолук берип, элдин барын үмтөттүрүп, талапкердигин алып салгандан көрө жоолук салынып алганы оң десе керек. Атамбаев президент болгон соң өзүн бийликке алып келгендерге тескери мамиле жасап, жалаң Зилалиевке окшогон сугалак “балашкалардан”  жаңы элита түптөгөн. Бирок биринчи эле башына кыйынчылык түшкөндө  Атамбаев түптөгөн элита аны сатып кетишти.

2015-жылы парламенттик шайлоого  “Ата-Мекен” партиясынан тышкары башка партиялардын тизмесин Атамбаев түзгөн, ошондуктан бул парламентти Атамбаев атагандай “чимкириктен” тышкары Атамбаевдик парламент деп атаса да  болот. Атамбаевдик оома парламент 2017жылы августта  дээрлик 100 пайыз Атамбаевге добуш берип, Сапар Исаковду өкмөт башчысына алып келет. 8 айдан соң дээрлик 100 пайыз Сапар Исаковго тескери добуш берип, Абылгазиевди өкмөт башына алып келишет.

Текебаевди 16-июлда сот иштерин карайт.Эгер Текебаевди бошотпосо “Ата-Мекен” оппозицияга өтөөрүн Асия Сасыкбаева айтып өткөн. Атамбаев эски лидерлерди тазалап кетем деп Текебаевди Маевскийдин жалаасы аркылуу соттоткон. Эгер Текебаев оппозицияга өтсө кайрадан Атамбаев менен биригеби? Арийне, эл мурункудай  эт комбинатындагы койлорду өлтүрүүгө алып барып өзү секирип кетчү “эчки-текелерге” ишенбей калышкан. Азыркы эл саясатчыларга кол шилтеген,бирин-серин акчага кызыккандар акча беришсе гана чыгып калышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости