www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлери жумуштан алынат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, социалдык түйүндөрдө Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео жарык көргөн. Анда кызматкерлер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин “Чык эшикке” деп сыртка кууп чыккан сөзүн кайталап айтышкан.

Ал эми бул видеодон кийин, вице-мэр Алмаз Бакетаев вице - мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана “Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар” муниципалдык ишканасынын жетекчисине аталган кызматкерлерге чара көрүү керектигин айткан.

Мындан көп өтпөй Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эки кызматкер кечирим сурап жаткан видеону жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости