www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ельцин эгемендик берип тынч бөлүнүпбүз, болбосо Жириновскийге окшогон бирөө болгондо Чүй, Талас, Ысык-Көлдө  орус тилдүүлөр көп жашайт деп өзүнчө мамлекет түзүп, калганыбызды бөлүп салмак экен. Анан кыргыздарды улутчулдар деп каналдарынан төпөштөмөк.

Нурсултан Назарбаевден Жириновский сыяктуу улутчулдар чоочуй турган, анткени ал дүйнөлүк дөө-шаа саясатчы. Ал эми Токаев президент болгону улутчулдарга күн тууду. Казакстан менен Орусия алты облус менен чектешет. Орусияга жакын казактар да орусташып кеткен, казакча көп билбейт. Назарбаев Орусиянын чек арасы тараптан чоочулап борборду Алматыдан Нур-Султанга жылдырган. Орусия бир гана Байкоңурга миллиардаган доллар ижарага беришет.

Орусия Молдовадан Приднестровияны бөлүп алган. Украинадан Крымды тартып алган, Крым орустун да, хахолдун да жери эмес, орустар Түркиядан 19 кылымда басып алышкан, 1953-жылы Хрущев Украиндердин Орусияга кошулушунун 300 жылдыгына Украин ССРине берген, 2014-жылы Орусия тартып алды. Донбасс менен Луганскини Ленин Украиндерге бериптир деп жүрүшөт, буларды тартып алабыз дешип, 5 жылдан бери согуш. Орустар болсо өз каналдарында күчкө салып хахолдорду күнөөлөйт. “Токмок күч болсо, кийиз казык жерге кирет”.

Токаев мажилисинде сөз сүйлөдү. Кайдагы бир сандарды айтып баш оорутту. Ал эми Орусия менен чектеш 6 облуста орус улутчулдары Орусиянын паспортун ээн-эркин таратып жатканы тууралуу бир ооз кеп кылган жок. Орусиянын жинине тийсе экинчи Украинага айланары менен Токаевдин иши жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости