www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн 13,6 млн евро көлөмүндө каражат каралган. Анын ичинде, 3 млн евро калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалмак. Бирок, жарандарыбызда азыркыга чейин жаӊы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жарытылуу деле түшүнүк жок болуп чыкты. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊеште сот-укуктук реформа боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.
Депутаттын айтымында, каражат натыйжасыз чыгымдалган, ошондуктан сот-укуктук реформа алкагында жүргүзүлчү иш-чаралардын экинчи фазасына бөлүнгөн каражатты кимдир бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш.
Ал эми депутат Курманкул Зулушев сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн каралган 13,6 млн евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек экенин белгиледи. «Улуттук мыйзамдар башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүбүздүн элибизге кызмат кылышы керек», - деди ал деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg