www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке 102 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев 22-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, каражат УКМК козгогон кылмыш иштеринин негизинде кайтарылган.
Буга чейин УКМК акыркы 5 жылда коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мамлекетке 352 млрд сом өлчөмүндө акча жана мүлк кайтарылганын билдирген.
Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров буга чейин айтылган 4 млрд доллар тууралуу маалыматты негизсиз деп атап, мамлекетке өткөн мүлктүн жана каражаттын так көлөмү ревизиядан кийин аныкталарын билдирген.