www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун (ИФАД) Кыргызстандагы жаңы директору Тарек Абдельмонем менен жолукту.

Жолугушууда тараптар айыл чарбасын, мал чарбачылыгын жана айыл аймактарын өнүктүрүү багытындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, артыкчылыктуу багыттар жана өз ара кызматташууну мындан ары күчөтүү маселелери каралды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен ИФАДдын кызматташтыгы 2009-жылдан бери уланып келет. Ушул убакыт аралыгында фонддун колдоосу менен айыл жериндеги үй-бүлөлөрдү колдоого, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө, фермерлер менен кайра иштетүүчү ишканалардын байланышын бекемдөөгө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылган.

Илич Марсбек уулу ИФАД менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз координация зарылдыгын айтты.

 

Последние новости