www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата...

Бүгүнкү каармандарыбыз - ИИМдин МАККББнын  кесипкөй адистери, бир канча жылдардан бери үзөңгүлөш Ата мекенге кызмат кылып келе жаткан жылдыздуу жубайлар. Алар ИИМдин МАККББнын Борборлоштурулган көзөмөл түйүнүнүн башчысы, милициянын майору Орозалиев Сагынбек Сапарович жана аталган кызматтын ведомстволук милиция полкунун кадрлар тобунун тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Байзакова Жылдыз Шаамбекова.

ОЙЛОРУ БИР ЧЫККАН АТА-БАЛА…

…Милициянын майору Сагынбек Орозалиев Бишкек шаарында туулуп өскөн жигит. Орто мектепти бүтүргөн соң, жөндөмүнө карап Кыргыз улуттук университетинин информатика-кибернетика факультетине окууга кирген. Окууну аяктаган соң, оңдуу иш табылбай жүрүп калган биздин жигит негедир аскер тармагында өзүн сынап көргүсү келет. Ал оюн атасына айтса, каршы чыкпайт. Көрсө ата-баланын ойлогону бир жерден  чыгыптыр дейт. 2004-жылы ички иштер органдарынын катарына кабыл алынган С.Орозалиев милициянын старшинасы наамында 1-Май райондук күзөт кызматынан эмгек жолун баштаган. «Ал мезгилде үй-бүлөм бар болчу, келинчегим студент эле. Айлык маянабыз аз болгондуктан, чындыгында кыйынчылыктар жаралып жатты. Арадан эки жылдан убакыт өткөн соң, катар-катар уул-кызым жарык дүйнөгө келип калды. Маянасы көбүрөөк башка жумушка кетейин деген ой менен бир күнү жетекчиликке кирдим..»,-деп эскерип алды өткөн күн тууралуу каарманым... 

КОМПЬЮТЕРДИН ТИЛИН БИЛГЕНИ БИЙИКТИККЕ ЖОЛ АЧЫП…

Дал ошол мезгилде, тактап айтканда 2006-жылы күзөт кызматынын борбордук аппаратында көзөмөл түйүнү борборлоштуруп, компьютерди мыкты билген, жогорку билимдүү кызматкерлер абадай, суудай керек болуп турган экен. Ал нерседен кабары жок Сагын иштен кетүү үчүн рапортун көтөрүп жетекчисине кирет. Маңдайында турган старшинанын жогорку билимдүү, ага кошумча компьютердин тилин билгенин уккан жетекчиси ага карап: «Офицер болгуң келеби?» - деп сурайт. Ошентип  «иштен кетемин» деген менин каарманым  МАККББнын борборлоштурулган көзөмөл түйүнүнө тескөөчү болуп дайындалып, бир аз убакыттан кийин ийининде жылдызы жаркырап чыга келген экен. Жөнөкөй тескөөчү болуп иш баштаган С.Орозалиев бүгүнкү күнү аталган кызматтын бакыйган жетекчиси, туз буйруп деген ушул болот. Ар бир кызматтык тепкичтен жогорулап, ийниңдеги  жылдыздардын саны көбөйгөн сайын, жоопкерчилик да чоң болорун айткан каарманымды бүгүнкү күнү өз ишинин адиси, тажрыйбалуу кызматкер десек жаңылышпайбыз.

АРУУ ТИЛЕГИН АТАСЫ КОЛДОГОН  КЫЗ

…Кесиби тууралуу сөз кылганда милициянын лейтенанты Жылдыз Байзакова милиция болууну тээ балачагынан эле кыялданганын айтуудан тажабайт. Кызынын бул аруу кыялын атасы  колдоп, «Кызым милиционер болот» деп тааныштарына айтып калчу болот. Жылдыз окууну бүткөн жылы абитуриенттер аз болуп, ал борбордогу болгон окуу жайынын баарына документтерин тапшырып көрөт. Эң кызыгы Жылдыздын бардык окуу жайларына, болгондо да бюджеттик негизде өтүп кеткендиги болот. ИИМдин Академиясына өткөнү менен бою жетпей калып, контрактык негизде окуса болорун айтышат. Ошондо үйүнө келген кыз кечинде ата-энеси менен кайда барып окуй турганы тууралуу кеңешет. «Атам ошондо контракттык негизде болсо деле окууга макул экенин айтып, ИИМдин Академиясынан билим алуумду сунуштады. Атамдын бул сунушу майдай жагып, аталган окуу жайда окуп калдым ошентип…», - дейт өткөндү эскерген Ж.Байзакова.

МИЛИЦИОНЕРДИН БИРИНЧИ ФОРМА КИЙГЕН КҮНҮ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ…      

 Академияны аяктаган соң, 2013-жылы Жылдыз Байзакова  эмгек жолун Октябрь райондук күзөт бөлүмүнөн баштаган. «Келиндин келген жылы эстен кетпейт» дегендей, Жылдыз үчүн биринчи форма кийген күнү такыр эсинен кетпейт экен. «Алгач форма кийген күнүм мен үчүн эң бактылуу учур болду десем жаңылышпайм, - деди өз сөзүндө Жылдыз жылмая, - формачан сүрөтүмдү туугандарыма жөнөтүп аябай кубандым. Башчыбыз да мени менен кошо кубанып, бетимден өөп куттуктаган болчу. Көптөн күткөн аруу тилегим ошентип орундалган эле…»

«АР БИР АЛГАН ЖЫЛДЫЗЫМЫ АТАКЕМЕ АРНАП КЕЛЕМ»…

Кийинки жылдары каарманым борборлоштурулган көзөмөл түйүнүндө, күзөт полкунун батальонунда эмгектенип жүрөт. 2017-жылдын  октябрь айында Жылдыз Байзаковага кенже лейтенант наамы ыйгарылып, офицер болот. «Кубаныч менен өкүнүч катар жүрөт» дегендей, кубаныч ээсинин ошол күнү жүрөгүн өйүгөн кайгысы да бар болчу. «Өкүнгөнүм-менин жылдыз тагынып, офицер болорумду тилеген атакем менин биринчи тагынган жылдызымды көрбөй ааламдан өтүп кеткени болду. Андыктан ар бир алган жылдызымды атакеме арнап келе жатам…», - деди ой толгоосун бөлүшкөн милициянын лейтенанты…

ҮЙДӨ ЭКӨӨ   «СУПЕР»  АТА,  БООРУКЕР АПА 

… Кеп арасында жубайлардан кандай күйөө бала, кандай келин болдуңар деп сурап калдым. Жылдыздын боорукер экенин айткан Сагын, анын айрым учурда өзүн ойлобой өзгөнү ойлогон жан экенин кошумчалап калды. Ал кандай экен десеңиз, окурман, мындай экен: Жылдыз кайын журтуна той-топурга барганда кожейкенин үйүн таптак жыйнап, идиш-аягын жуумайын үйүнө кетпейт экен. «Ай, бас, кетели үйгө десем. келинчегим азыр деп коюп, ишин кылып жүрөт. Ошентип элдин баарын узатып, казан-аяктарды жыйып коюп үйгө кайтабыз», - деп күлүп калды кеп арасында Сагын.

Өз кезегинде Жылдыз жолдошунун кайын-журтуна биринчи барганда келген конокторго устукандарды кантип тартыш керектигин кайнатасына үйрөткөнү менен жакындарынын эсинде калганын айтып күлдүрдү. «Арадан бир аз убакыттан кийин эле Сагын  атамдын жакын сырдашы боло алды, - деди оюн бөлүшкөн Жылдыз сөз арасында, - ал үчүн сеники, меники деп бөлүү жок. Баарына бирдей мамиле жасап, сыйлап келет. Баштаган нерсесин аягына чыгармайын жаны тынбаган адаты бар». Ушул жерде айта кетчү нерсе, Сагындын колунан көөрү төгүлгөн уста экендиги. Бүгүнкү күнгө өз колу менен милициянын майору жакындарынын үч үйүн өзү салып бериптир. Уулу айткандай, үйдө болсо балдары үчүн баарына даяр турган «супер» ата экен…

КЕП СОҢУНДА

Ортодогу  ишенимди туу тутуп жашаган жылдыздуу жубайлар учурда ички иштер органдарында көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып, милициянын келечеги кең экенине ишеним артышат. Учурдагы эл менен милициянын ишенимин жогорулатуу үчүн өздөрүнүн ой-пикирин билдирген каармандарым, бул ишке ар бир кызматкердин салым кошушу зарыл экенин белгилешти. «Ал үчүн алыстан эмес, ар бирибиз жашаган жерибиздеги жакын коңшу, тааныштарыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашып, милиция катары акыл кеңешибизди айтып, туура багыт турсак, ошол биздин элдин ишенимин жогорулатууга кошкон салымыбыз»,-дешти ой-толгоолорун ортого салган жубайлар. 

Ырысбүбү Сагымбаева 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости