www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этношаарчанын аймагына көп жылдык газон себүү акциясы өттү.
Маалыматка караганда, боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгашкан аянттарга жергиликтүү климатка ылайыкташкан көп жылдык газон себилген. Максат — аймакты көрктөндүрүү, жашыл зоналарды көбөйтүү жана экологиялык маданиятты жайылтуу.
Бирок бул жерде коомчулуктун көңүлүн бурган дагы бир суроо бар:
Кырчын сыяктуу табигый тоо жайлоосуна газон себүүнүн чындап эле зарылдыгы бар беле?
Жайлоо өзү табигый өсүмдүктөрү, чөбү жана экосистемасы менен жашыл аймак эмеспи? Атайын газон себүү менен жаратылышты көрктөндүрөбүз деп, анын табигый көрүнүшүн жана өсүмдүк дүйнөсүн өзгөртүп албайбызбы?
Эгер себилген газон жергиликтүү экосистемага толук ылайыкташкан болсо, анын курамы, сугарууга болгон муктаждыгы жана жергиликтүү өсүмдүктөргө тийгизген таасири кандай?
Ал эми жайлоону көрктөндүрүүнүн ордуна табигый чөптөрдү жана жергиликтүү өсүмдүктөрдү сактоого басым жасоо туура болбойт беле?
Бул иш-чара жакшы ниет менен уюштурулганы түшүнүктүү. Бирок тоо койнундагы табигый аймактарга байланыштуу ар бир чечимде “кооз көрүнүш” менен катар экологиялык зарылдык да биринчи орунда турушу керек.
Сиз кандай ойлойсуз: Кырчынга газон керек беле же жайлоонун өзүнүн табигый жашылдыгын сактоо жетиштүү беле?