www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында экологиялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында дрондордун жардамы менен абадан байкоо жүргүзүлүүдө.

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Аба көзөмөлүнүн негизги максаты — таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу.

Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү административдик чаралар көрүлөт.

Ош регионалдык башкармалыгы паркка келген жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасап, айлана-чөйрөнү таза сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, жакында «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана өткөрмө-көзөмөл пунктун куруу долбоору ишке ашырыла баштаган. Долбоор парктын аймагына кирип-чыгууну тартипке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана анын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.

Последние новости