www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл акыны Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет

29-ноябрда кыргыз совет ырчысы, композитор-мелодист, Кыргыз эл акыны Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Юбилейлик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Чыгармачыл эмгек жолун Нарын шаардык радиосунда баштап, кийин Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды чебер аткарган. Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опера ырчысына чейин өсүп, "Манас" операсында Алмамбет менен Сыргактын, "Айчүрөктө" Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына анын "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.

Баетов комузда, домбурада эркин ойной билген жана ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Муса Баетовдун ысымы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилгени маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости