www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын Айгүл аттуу айымдары кыйын болушабы?

Эл бийлеген, журтка төбөсү көрүнгөн саясатчылардын артында күчтүү айым тураары белгилүү. Бекеринен кыргыз эли "вазир жакшы хан жакшы, катын жакшы эр жакшы" дебесе керек.

Эң эле кызыгы, өзгөчө Айгүл аттуу айымдар мыкты болушат экен. Мына биздин кыргыз саясатындагы чыгаан саясатчылардын, эл башкарган инсандардын жубайларынын аттары Айгүл деген ысымга ээ.

Мына айталы, Сооронбай Жээнбековдун жубайынын аты Айгүл болгон. Азыркы ажо Садыр Жапаровдун жан шеригинин аты да Айгүл. Экөө тең өлкө башчысы болду.

Ошондой эле, Кыргызстандагы чыгаан эки саясатчы болсо, ошонун бири катары белгилүү Өмүрбек Текебаевдин аялынын дагы аты Айгүл. Кызык бекен?..

Деги эле ушул саясатта жүргөн биздин кыргыз айымдарын алсак деле, Айгүлдөр кыйын болот окшойт. Кыргыздын мыкты айымы, бир топ жылдан бери маанилүү мамлекеттик кызматтарды аркалап, кадыр-барк күткөн Рыскулова Айгүл деген бар. Министр, вице-мэр болду. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалады.

Айтор, Айгүл аттуулар баары бир жагынан болбосо, дагы бир жагынан кыйын болоорун Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровадан дагы билсек болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости