www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Чикаго университети менен кызматташат

Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүдө олуттуу кадам жасалганын билдирет.

ТИМден билдиришкендей, консулдуктун өкүлдөрүнүн бир катар жолугушуу жана консультацияларынын жыйынтыгы боюнча билим берүү тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири – Чикаго университети менен кызматташууну баштоо боюнча макулдашууларга жетишилди.

Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарында билим берүү өзгөчө орунду ээлей турганына токтолуп, 2022-жылы Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен жаштардын келечегине билим берүү аркылуу инвестициялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, “Эл үмүтү” стипендиясы түзүлгөнүн белгиледи.

Билим жана илим Кыргызстан үчүн инсандын өнүгүүсүн гана эмес, жалпы мамлекеттин келечегин аныктоочу стратегиялык ролду ойнойт. Бул демилге билим берүү тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле глобалдык чакырыктарды натыйжалуу жеңүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталат.

Чикаго университетинин өкүлдөрү Кыргызстандын университеттери менен кызматташууну баштоого даяр экендиктерин билдиришти.

Дүйнөдөгү ТОП 15 мыкты университеттердин бири болгон Чикаго университети Кыргызстандын билим берүү мекемелери менен байланышты тереңдетүүгө болгон умтулуусу эки өлкөнүн студенттери үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости