www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 29-июндан 4-июлга чейин тик учакты колдонуу менен тоо шартындагы издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө арналган экинчи кыргыз-француз биргелешкен окуу-машыгуусу өтүүдө.

Машыгуу ӨКМге караштуу «Авиациялык издөө-куткаруу кызматы» мамлекеттик ишканасынын базасында уюштурулуп, практикалык сабактарды француз инструкторлору өткөрүүдө.

Окуунун жүрүшүндө ӨКМдүн учкучтары жана куткаруучулары аба кемесинин экипажы менен куткаруу бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүп, жетүүгө кыйын болгон аймактарга адистерди түшүрүү жана бийик тоолуу шартта жабыркагандарды коопсуз эвакуациялоо боюнча машыгуудан өтүшүүдө.

30-июнда машыгуунун алкагында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мазарипов Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Жолугушууда жарандык коргонуу, авиациялык-куткаруу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Тараптар мындай биргелешкен машыгуулар куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жогорулатып, эл аралык тажрыйба алмашууга жана практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Франция өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө, биргелешкен билим берүү программаларын улантууга жана ӨКМдүн материалдык-техникалык, авиациялык-куткаруу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого кызыкдар экенин ырасташты.

Последние новости