www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дан эгиндеринин 31 пайызы жыйналып бүттү

Бүгүн, 23-июлда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында аппараттык жыйын өтүп, өлкөдөгү оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы каралды.

Жыйында республика боюнча дан эгиндеринин 31 пайызы жыйналып бүткөнү белгиленип, түшүм жыйноону өз убагында аяктоо жана дыйкандарга уюштуруучулук, техникалык колдоо көрсөтүү иштери улантылып жатканы айтылды.

Ошондой эле өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо үчүн ветеринардык жана алдын алуу иш-чаралары толук көлөмдө жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Мындан тышкары, ветеринардык кызматты санариптештирүүнүн алкагында «Тулпар» маалыматтык системасы аркылуу электрондук ветеринардык коштомо документтерди берүү ишке киргизилип, ал Россиянын «Меркурий» системасы менен интеграцияланган.

Жыйындын жүрүшүндө министр Эрлист Акунбеков жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, отоо чөптөргө каршы күрөштү күчөтүү, «Тартиптүү талаа» долбоорун ишке ашыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилүүчү жеңилдетилген насыялык долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине коюлган милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, оруп-жыйноо иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана фермерлерге көрсөтүлүүчү колдоону күчөтүү тапшырылды.

Последние новости