www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мамлекеттик башкарууда эркектерге караганда аялдар аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын башында мамлекеттик башкаруу тармагында эркектер үстөмдүк кылган (мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынан 39% аялдар, 61% эркектер).
Алардын ичинен саясий жана атайын кызматтарда аялдар 24%ды, эркектер 76%ды түзгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 37%ын гана аялдар түзөт.
Мамлекеттик органдардын ичинен Мамлекеттик каттоо кызматында (69%), Улуттук статистикалык комитетте (73%) жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде (72%) аялдар көбүрөөк. 2021-жылдын башында Жогорку Кеңештин 120 депутатынын ичинен 20 гана депутат же 17%ы аялдар болгон.
Булак: NazarNews.kg