www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура тарабынан «П.С.» курулуш компаниясынын кайрылуусунун негизинде Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу каралды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелинген Агенттиктин кызматкерлери мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жогоруда аталган курулуш компаниясынын курулуш иштери жүрүп жаткан объектисинде мыйзамсыз текшерүү жүргүзүлгөндүгү аныкталды.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзам бузууларга жол беришкен кызматкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси («Кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу») менен укук бузуулар жөнүндө иши козголуп, соттун кароосуна жиберилди, деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg