www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-августтан тартып Улуттук банк «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» аталышындагы алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга кадам таштап бара жаткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ал өлкөнүн улуттук символу катары улуулукту, күчтү жана жаратылыш байлыгын билдирет.
Монетанын бетинде «Эгемен Кыргыз Республикасы» деген жазуу, 100 сом номиналы жана «35 жыл» белгиси жайгашкан. Арткы бетинде кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери менен кооздолгон фондо Кыргызстандын мамлекеттик герби чагылдырылган.
Коллекциялык монета 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 граммды түзөт. Ал Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналат.
Ар бир монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен атайын кутуга жайгаштырылган.
Монетаны Улуттук банктын кассаларынан иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин 99 миң 460 сом баасында сатып алууга болот.