www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы окуу жылында айрым мектептерде шахмат ийримдери уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылат.
Маалыматка ылайык, президенттин Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык, 500 мектептин 3- жана 5-класстарында шахмат ийримдери ачылат.
Мектептердин тизмеси жана сыноо иретиндеги программа Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кийинчерээк бекитилет.
Эске салсак, июнь айынын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, 1-сентябрга чейин Министрлер Кабинети шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча Улуттук программаны сунушташы керек.
Ошондой эле президенттик атайын сыйлыктар — «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген наамдар уюштурулат. Жеңүүчүлөр ар жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз шахмат союзу сунуштаган талапкерлердин арасынан аныкталат.