www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы эл аралык биология олимпиадасында (AIBO - Avicenna International Biology Olympiad) 8 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Олимпиада 20-27-апрель күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген окуучулар катышты.

Жогорку деңгээлдеги билим таймашында Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло, жалпысынан 8 медаль багындырды.

Алтын медаль:

Дмитрий Рубан – "Сейтек СТЕМ" мектебинин 11-классынын окуучусу.

Күмүш медалдар:

Улукбек Русланбеков – "Сейтек СТЕМ" мектеби, 10-класс;

Атахан Исираев – "Кут Билим" окуу-тарбия комплекси (Ысык-Көл), 11-класс;

Эржан Асанов – Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс;

Байхан Байсулдаев — Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс.

Коло медалдар:

Анатай Нурланов – Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс;

Умар Эргешов – "Курманбек баатыр" атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, 10-класс.

Последние новости