www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда 15-сентябрдан тартып чек арадан өтүүнү көзөмөлдөөгө байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө кирери кабарланды.

Жаңы талаптар өлкө жарандарына гана эмес, Кытайга кирип-чыккан чет өлкөлүктөргө да таасир этиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Мамлекеттик кеңеши бекиткен 19 бөлүмдөн турган жаңы регламент чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган.

Ага ылайык, өлкөдөн чыгып жаткан жарандар сапарынын максатын тиешелүү документтер менен тастыктоого милдеттүү болот.

Ошондой эле чек ара кызматкерлеринин жарандардын электрондук түзмөктөрүндөгү маалыматтарды текшерүү жана кошумча маектешүү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктары кеңейтилери айтылууда.

Жаңы эрежелерде улуттук коопсуздук, маалыматтарды коргоо, технологияларды жана жогорку технологиялык чечимдерди мыйзамсыз өткөрүп кетүүгө каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Мындан тышкары, чет өлкөдө билим алууну уюштурган жана иммиграциялык кызматтарды көрсөткөн ортомчу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлүшү мүмкүн.

Басылманын маалыматына ылайык, Кытайга сапар пландаган адамдарга сапардын максатын ырастаган документтерди — чакыруу каттарын, мейманкана жана билет брондорун, тиешелүү келишимдерди алып жүрүү сунушталууда.

Ошол эле учурда электрондук түзмөктөрдү жана социалдык тармактардагы маалыматтарды текшерүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Жаңы талаптардын чет өлкөлүк туристтерге канчалык деңгээлде колдонулары азырынча толук так эмес.

Бирок чек ара көзөмөлүндөгү ыйгарым укуктардын кеңейиши Кытайга кирип-чыккан бардык адамдар үчүн кошумча текшерүүлөрдүн күчөтүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Последние новости