www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан келген 3 тонна күрүч артка кайтарылды

«Торугарт» чек ара фитосанитардык көзөмөл пунктунда Кытайдан Кыргызстанга импорттолуп келген 3 тонна күрүч текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүү учурунда жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталган.

Фитосанитардык талаптар сакталбагандыктан, күрүч Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

Мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык көзөмөл өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Последние новости