www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Омикрон" штаммынын BA.1.1 деген жаңы варианты Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы Сучжоу шаарында табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча шаардык борбордун маалыматына караганда, илдеттин жаңы түрү 28-мартта аныкталган. Аны изилдеш үчүн убакыт керек экени айтылды.

Алгачкы жолу "омикрондун" жаңы түрү 2021-жылы Ботсвана менен Түштүк-Африка Республикасында табылып, вирус B.1.1.529 деп белгиленген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясы 487 миллион адамга жугуп, 6,1 миллиондон ашык киши көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости