www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гранттык орундарга окууга кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытай Эл Республикасындагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости