www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында болгон окуя боюнча алгачкы иликтөө иштери аяктап, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
22-сентябрда Сокулук РИИБине Бишкек шаарындагы клиникалык ооруканага Жаңы-Жер айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А.нын курсагына ок тийип, жансыз денеси жеткирилгени маалымдалган. Дагы бир тургун 1986-жылы туулган Г.М да октон жараат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты Сокулук райондук милициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында "улууларды сыйлоо" эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.
Окуянын чоо-жайы боюнча 30дан ашык адам Сокулук райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган. Мыйзамга каршы аракеттери чыр-чатактын курчушуна түрткөн жана ок атуучу куралды колдонууга алып келген адамдар аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жаңы-Жер айылынын үч тургуну 1954-жылы туулган Д.М., 1988-жылы туулган М.М. жана 1997-жылы туулган М.М. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле окуядан кийин качып кеткен Жаңы-Жер айылынын тургундары 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангаджи Кадиевич жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин Мусаевичтин даректерин тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Булак: NazarNews.kg