www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ургаачылардын турмуштук кадамдары
Адатта, ургаачыларды эс тартып,ата-энелерге кол кабыш кылуунун эң жөнөкөй түрлөрүн жүзөгө ашырууга жарап калгандан: секелек кыз, теcтиер кыз, беш көкүл кыз, бийкеч, колукту, селки, келинчек, андан ары жаш өзгөчөлүктөрүнө карата жубай, зайып, аял, төрөттөн кала элек зайып, улгайыңкы аял, катын, байбиче, кемпир, деп бөлүнүшүп, ушуга карата турмуштук мамилелер болот да, жашоо-тиричиликтин оош-кыйыш кыймыл-аракеттери өз нугу аркылуу барат.
Секелек кыз. Бул учурда айлана-чөйрөсүн анча аңдай албайт. Ата-энелердин аста-секин айткандарын угат. Оюнга тойбогон кези, кимге кандай эркелөөнүн ыгын билет. Кийим-кечеде бергенди кийет. Улуулардын, эжесинин эскирген, кичирейген кийимдери ага чак келет. Эрөөн-төрөнсүз эле кийип жүрө берет. Секелек чакта мурунку тартынган боркогу алынат. Энеси чачын таптаза кырдырып турат. Бул, биринчиден, кыздын чачын калың, коюу өстүрүүнү шарттайт;
Экинчиден, бат өстүрөт да, кийин узун чачтуу болот. Чачы, адатта, согончогуна дейре жетет. Мына ушундай тилек-максатта секелектин төбө чачын калтырат. Тегерек-четин устара менен кырдырат. Төбө чачы өсөт, аны бир өрүм кылат. Мындай кыздын чачынын учу узун болууга өбөлгө түзөт.
«Тиги чоң эне, чоң атанды батага чакыр», «кошунадан аны алып кел», «муну берип кел» ж.б. майда-барат иштерге жарайт. Дасторкон четине отуруштун, тамак алып ичиштин, тамак ичип бүтөөрү менен бата кылыштын ички эреже-тартиптерин үйрөнөт.
Ал үй айбандарынын эмнеге асыралышын билет. Малды тосууга, айдап келүүгө, короого киргизүүгө, короодон чыгарууга кол кабыш кылат. Секелек кыздар эс-акылы эми кирүүчү кыздар.
Алардын жүрүш-туруштары анчалык эрөөн-төрөөнгө алынбайт. Балалык сүймөчүлүгү аркылуу, үйдөгү балдардын кенжелеринен болгондуктан баары кечиримдүүдөй сезилет. Ал чоң ата, чоң энелерине, ата-энеге, ага-жеңелерге, эжелерине, тайакелерине, тайжеңелерине жылдыздуулугу менен сүймөчүлүккө эгедер. Үйдөгүлөрдү ээрчип, конок-кечеге бара берет. Аны жеңелери «эрке кыз» деп тергеши зарыл.
Тестиер кыз - бул кол арага жарап, үй ичиндеги иштерди аткарууга өзүнүн жоопкерчилиги бар кыз. Энесин айланчыктап, анын колдон келээр айткандарын жасоого дымактанат.
Дал өзүндөй аткарууга аракети зор болот. Тестиер чактан тартып, энеси, эжеси, жеңелери ага түз таалим берүүгө назар ташташат. Жакшы үй-бүлөнүн ички жүрүм-турумдары, улуу-кичүүгө мамиле-катыштарын баамдаган тестиер өзү эле ошол нукту аркалайт.
Өзүнүн кир-когун жууйт, үйдү мизилдетип шыпырат, улуулардын нускоолору ага багыт берет. Ата энелерин ээрчип, айыл-апаларды кыдыруудан уялып калат. Бир ургаалдуу жумуштар болсо, эже-жеңелери, ага-жезделери менен илгери айттоочу, бир жакка баруучу.
Ата-энелери кызды тестиер чагынан тартып, айыл аралатуучу эмес. Ал барган жеринен эмне укса, эмне көрсө, аны айылына, үйүнө, өз курбалдаштарына айтуучу. Кээде көрүп айтат, кээде көрбөй айтат.
Айрым учурда имиштерди угат. Мындайда бирөөлөргө айтылган сөздөр калпыс да болуп калат. «Айткан ушакчы эмес, айтып келген ушакчы» деген сөз жаман. Ал бирөөлөргө: «Эч кимге айтпа» - деп, бирөөлөрдү ушактап бирдеме дейт. Ал дагы бирөөгө: «Эч кимге айтпа» дейт. Ал жана бирөөгө «эч кимге айтпа» менен төрт-беш адам укса болду, жалпы элге жайылып кетээри айкын.
Ошондуктан ата-бабасы нарктуу, акыл-эстүү ата-энелер кызыбыз ушакчы аталып кетет деп, кыздарын айылчылатпайт. «Кызга кырк үйдөн тыюу...» мына ушундан калган. Женелери аны «кичине кыз» деп тергешет.
Беш көкүл кыз. «Бир убакта эки алма,
Мен албайм, сен алба,
Эмне болуп калгансың,
Беш көкүл элең мен барда». (Эл ыры)
Бул бой тартып, болукшуп, өз боюн өзү түзөп, арка чачы алты, жаак чачы сегиз өрүм, тал-тал көрүнүп калган кыз. Жук маанектейт, узчулукту кармайт. Тестиерлерге үлгү көрсөтөт. Аларды жумшап, аткарган иштерин теске салып турат.
Айлуу түндөрүндөгү кыз оюндарына жеңелерин ээрчип барат. Албетте, элдик оюндарга түшөт (ал оюндар кыскача өзүнчө жазылат). Ал үкүлүү кундуз тебетей кийет. Тышы кызыл, жашыл, көк болушу ыктымал.
Салтыбызда беш көкүлдун бой турпатына кызыл чыптама, тик жака, кош этек көйнөк, көгүчкөн төштөнүп, этеги жайылып укмуштай жарашык берет.
«Көрүнүшүң көк бөксөдө баратып,
Туура карап, тура калган эликтей...» (Байдылда)
Мында беш көкүлдүн мүчөсүн көрсөтүп жатат. Беш көкүлгө ар тараптан жуучу түшөт. Жаш жигиттер кыз көрүүгө келишет. Кыздан кыз тандалат, ар ким өзүнүн ылайыктуусун жактырат. Тестиер кыз чыптама, көйнөк менен топу кийет. Аны «такыя топу» дейбиз.
Боз үйдүн түспөлүн элестеткен буга үкү тагылат. Т.а. профессор Х.Карасаевдин «Залкар ойлор» аттуу эмгегиндеги айткандары боюнча, бул - кара далы кыз. Анткени, саамайында, аркасында майда өрүлгөн калың, узун кара чачы жаап турган, тууган айдай жүзү жаркып, ургаачылык нуру сыртында ойноктоп турган кыз.
Бийкеч менен беш көкүлдүн айырмасы аз. Ал турмушка чыктыбы, же чыга элекпи, мында бирөөнүн алмончоктой кызы, анын аброю тууралуу сөз төркүнү оболу айтылат. Жалпы түшүнүктө турмуштана элек кыздарды «бийкеч» деген атта айтып жүрөбүз.
Демек, беш көкүлдөн өткөн ургаачылар - бийкечтер. Б.а. жашы бир аз өтүп бараткандар бийкеч аталышы да ыктымал. Жеңеси кайын сиңдисин ушундан улам «бийкеч» деп эркелетет жана тергейт. Бул да, адатта, тебетей кийиши менен жубандардан айырмаланат.
Колукту - бул жаӊы турмуштанган кыз. Ал бирди төрөгөнгө дейре колукту аталат. Т.а. анын чачы жандырылып, эки өрүлөт. Ага учтук, чолпу тагылат. Эми такыя элечек кийет. Колукту төркүнүнөн кайын журтуна шөкүлө кийип барат да, ал баш кийимди кайра кайтарат.
Адатта, элечектин кыргагы күмүштөн, же кызыл, же жашыл саймадан болот да, аны кийинки сиңдилери кийип чыгат. Ал таберик катары төркүнүндө сакталат. Шөкүлөнүн жердиги баркут, кырбуусу кундуз болот.
Улактын жылбырска терисинен да жасап келишкени «кедейлик кемтик» эмес. Жашоонун чоң турмуш-тиричилиги мына ушул башка эшикти аттоодон, жат элге бүлө болуудан башталат. Келин келди, той берилди, нике кыйылды, эми үй ичин тирдентет. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» болбоо керек.
Мыкты кайын энелер келинди өз балдарындай көрөт. Пейили жылып, анын баскан турганы үй ичине жагып, боорлоруна тартып, бат эле быгышып кетет. Мыктылардын таалимин үндөктөп, уядан учурган ата-энелердин перзентине өз салт-наркттарын жугузат. Колукту эрте турат. Тураары менен кайын энеге, кайын атага жүгүнөт.
Жүгүнүү-өзүнөн улууларга салам берүүнүн сылык белгиси. Узчулук менен бирге бийкеч, беш-көкүл кыздар кой-эчки, уй-топоз, бээ саашка машыгышат. Барган жерлерине уз аталып, ар ишке жөндөмдүү болушу-эненин жүзү.
Айрым тезек тердирбеген, куурай ордурбаган ата-энелер болот. Албетте, бардарлар, байлар ал кыздарды алмончоктой асырашат. Бети-колдорунун туурулуп жүрүшү алардын намысына камчы чапкандай. Андайлардын отун-сууларын ала турган малайлары болгон.
Барган жеринде камкордукка бөлөнгөн. Жакшы жерден чыкканы, т.а., жердиги тазалыгы, ата-эне тарбиясын көргөндүгү. Эртелеп туруп уй саайт, от жагат, төшөнчү-орунду жыят.
Уй сааш - илгери өзүнчө өнөр, үлгү, таалим-таасир болгон. Күн чыкканча уктоо, малды кайын энесине саадыруу, кайын энеси менен каяша, кер-мур айтышуу, м.а. өч чыгуу, эрине: «Энен жаман өзүбүзчө бөлүнүп, оокат кылабыз» - деп, бөлүнүп-жарылып кетүүлөрү, чыккан жерин, келген элин журт ичинде уятка калтыруусу.
Бөтөнчө, азыркы учурда бул анча өөн эместей, боло берүүчү жорук, шарттуу көрүнүш катары сезилип калды. Айрым кайын энелер, кайын сиңдиси колуктуга өч чыгышы ыктымал.
Аларда кудаларын теңсинбөө бар. Байлыкты жогору коет, өзүлөрүн мартабалуу, мансаптуу деп билишет. Мурундарын чүйрүшөт: «Теңибиз эмес, ала качып келип калды, отургузуп коюшту» - дегендер бар.
Андан балалуу болот. Тукуму көбөйүүдө. Айрым кайын-журттар аны эске алышпайт.
Узчулукка умтулуу. Секелек чактан тартып кыз бала улуулардын кылган аракеттерин туурайт. Эжелери сайма саюуга дымактанса, ал куурчак жасайт. Куурчак-ургачылар учун узчулуктун башаты.
Сайма саюуда энелеринин, эжелеринин, жеңелеринин иш кармоо салтынын таасири чоң. Кыз балдардын тестиер чактан тартып, жүк маанектөөсү - акыл-ойдун ойгонушу, тигил-бул жактарга басып кетпөөсү, чоң турмушка аттануусу. Кыз-келиндердин негизги саймасы илме сайма, ийне сайма болгон.
Илме сайма, шибеге сайма шибегенин учу илмек келип, жер дикти кергичке керип, көркем көчөттөрдүн үлгүлөрү менен улуулар дын нускоолору аркылуу уй ичинин жасалгаларын жүзеге ашыруу. Аларга: туш кийиз, туштук, текче, кузгу кап өндүүлөр кирип, бул өнөр Тундук Кыргызстанга жапырт тараган. Шибеге сайма-енердун ну курасы, буюмдун даана жузун ачат.
Ийне сайма (Илме дос) аркылуу жаздык (балыш), баштык (жапы сар баштык), аяк кап (ал күзгү кап, баштык-текче). Түштүк багыттагы ичкиликтерге кенен тарап, илме дос саймасы курак менен айкалышат, жасалганын ажарын ачат.
Тестиер чактардан саймачылыкка умтулуп, кыз балдар өзүнүн себин өзү камдоого баш коюусу - илгери узчулуктун салттулугун-нарктуулугун аныктаган. Мына ушундан уздан уз чыккан.
Көркөм үлгүлөрдү кармоо маданиятында бири-бирине куштарлануусу, ошондон таалим-тарбия алуусу көпчүлүктүн көз кырында турган. Сайма саюуда деле, муну менен катар чий чырмак кармоодо, тор чачык чалууда кол жаш кезинен тетиктелет.
Илгери кандай болсо да, кыз балдардын баары эле анчалык чоң уздардын (оймочу, саймачы, чырмакчы, өрмөкчү, килемчи, түймөчү, бычмачы-тикмечи, эшмечи) аталбаса да, барган жеринде үй кармайт, ийне саптайт, учук тартат. Албетте, жөнөкөйлөрдү ар бири аткарат. Кызынын чоркок атка конушу, төркүндөрүн жер каратат. Мүмкүн, катар турмушка аткарууда эл-жеринин жүзү жарык болуу үчүн колдо болгон шарттардын баарын кылууга ата энелер кайыл болот.
Кыздарда да узчулук кармоодо жаш өзгөчөлүктөрдү аныктайт. Мунун оор-жеңили болот. Жөнөкөйдөн татаалга, төмөндөн өйдөсүнө карайы бар. Ар нерсе абалы колду машыктыруудан, табигый табиттен, ич ара ышкыдан, улуулардын жөрөлгөлөрүн урматтоодон аста секин шык пайда болуп, анан ал калыптана берет.
Узчулукка умтулууда аны бара-бара өздөштүрүп, дасыгып, бир нукка түшүп, ушул даанышман өнөргө калыптанып, түбөлүктүү кесип тутуп, алыс-жакынга таанылуу бардыкка бирдей ыроолонгон эмес. Суу баштарынан, айыл ичинен бирден чыгаан чебердин чыгышы, ал - журтчулуктун бактысы.
Буга мисалдар арбын кездешет. Кыргыз жергесине бирдей таралаган «Шакен оюму» деген көркөм оюм, көркөм көчөт бар (Шакен Мамбетаипова (1936-1995) Тоң району, Туура-Там айылында төрөлгөн, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү).
Ал тестиер чагынан тартып апасы Бытыкандын үндөктөөсү менен жүк бурчун маанектейт. Айыл ичи бул кызга кийиз көтөрүп келип, шырдак ойдурат. Туш кийиз көчөттөрүн түшүртөт, улам өзүнүн узчулук даражасы артылат, «Оймочу кыз» аталат. Андан «Шакен оюм» пайда болот.
Ушул өнөрдү аркалоо менен өзүнчө узчулуктун мектеби уюшулат. Анын Жибек, Шайгүл, Жыргал аттуу кыздары уз, сүрөтчу аталат. Уулу Жыргалбек акын, Шакендин ата-бабалары тукум-куучулукта зергерчиликти нускалаган. Ал салт укум-тукумдарына уланып келүүдө.
Кыргыз кыз-келиндери боз үй көтөрүүдө, кийим-кечек кийүүдө, ат үстүн жасалгалоодо өзүнүн узчулугун бөтөнчө көргөзгөн. Көркөм кол өнөрчүлүктүн бүтүндөй түрүн кармоого аракеттенишкен.
Секелек кыздын куурчак ойноодон баштап, сайма саюусу, чий чырмоосу, жип-шуу эшүүсү, бирдемени бычып-тигүүсү, тор чачык, топ чачык чала билүүсү, бара-бара килем токууга, андан соң эң татаал өнөрүбүз өрмөк согууга, «кара терме», «кажары терме», «беш кеште» терүүгө отургузган. Алар өз себин өзү бүтүндөй бүткөрүүгө башын байлашкан.
Мындан: «Келген жерида уз, барган жерида уз, өз энесинен кайын энеси өнөрүн өткөрүп алган» - деген накыл калат.
Суу алуу. Тестиер чактарынан тартып суу алууну өзүнө милдет катары сезишкен. Суу көтөрүүдө да кыздардын адептүүлүгү билинип турган. Адатта, шар суудан чакага сузуп алууда, абалы, «бысмылла» деп, келме келтирген.
Денесине суу чачыратпаган, сууну чайпалтып көтөрбөгөн, чакага сууну көтөрүшүнчө алган. Эгер эки чака сууну апкеч менен ийинге алса, кыздарда басуунун, кадам таш тоонун адеби бар.
Арышты ченем менен керишкен. Бешкөкүлдөр, бийкечтер, адатта, сууга көбүнчө жеңелерин ээрчишкен, көңүлү түшкөндөрү менен кыз булак башында, же суу боюнда, же айлуу түндөрүндө тик карабай жүздешүү ылаажысы болгон.
Суу алуу, суу куюу, суу кайнатуу, бирөөгө суу сунyy, сууга кол жуу, сууга жүз чаюуда кыргыз кыздарынын адеби укмуштай сакталган.
От жагуу. Кыргыз элибизде от жагууда да маданияттуулук укмуштай сакталган. Бул да улуулардын үндөктөөсү аркылуу адептүүлүк жагына багыт алган. Адатта, кыргыз эли малдын тезегин, кыгын көбүрөөк жагуучу.
Андыктан, уютуп көң чабуучу, тезек терүүчү. Тезек кең калоонун да өз ыкмасы бар. Жылкынын тезегин, уйдун омпосун, жай күндөрү элибиз көбүрөөк жагуучу. Ортосун тептегерек чакандап, бирдей кылып калап, ага чокту салып, тамызгысын таштап, эңкейип, акырын сыңар тизелеп, түтүн кылбай үйлөп тутанткан.
Боз үйдүн чок ортосундагы күйгөн отун дароо түндүк өйдө тартып, үйдүн ички эмеректерин түтүн каптаган эмес, улам үстүнө көңдү, тезекти калап, отту ичкериштирип турат. Токойлуу, тоолуу жерлерде кыргыздар тал-терек, карагай-арча ж.б. жыгачта рын да көп жагышкан.
«Арча отун күйүп чатырап,
Түндүктөн түтүн атылат,
Желеге үйрүп бээлерди,
Жээрде айгыр кулак жапырат. (Байдылда)
Албетте, отун алып келүү - эркектин милдети. От жагыш, тамак бышырыш көбүнчө ургаачыларга таандык сапат болуп эсептелет.
Төшөк салуу. Илгери келин кыздарды төшөк салуудан да кирди чыктылар баамдай турган. Абалы төшөк салынуучу жай шыпырылган. Таза жайга тогузкат (кийизге кездемени каптаган жер төшөгү) жайылат.
Анын үстүнө жууркандар (төрт бурчтана ташталат да, анан эт төшөктөн (шейшептин алдындагы жууркан) кийин шейшептүү жууркан салынат. Албетте, жаздык бар.
Мында алты кат ордуна ала кийизди да, эндей кийизди да таза тутуп пайдаланса болот. Бирок азыркы кыз-келиндер төшөк салуунун жана төшөк жыйноонун маданиятын анча сакташпоодо.
Мында төшөк үстүн басып жүрүшөт. Төшөк салууда жана төшөктү жыйноодо төшөктүн четинде турат. Илберинки эңкейүү менен алуусу, жыюусу керек. Бирөөнүн төшөгүн баспай, четин түрүп өтүүсү тийиш.
Жүк жыюу. «Алдын карап жүк жыйдың,
Армың арап үй тиктиң,
Керегесин кынадың,
Керүүдө туруп сынадың». (Жеңижок)
Бул-кыз келиндердин үй ичин тейлөөдөгү мыкты маданияттарынын бири. Кертимдөө, кынаптоо аркылуу кооз көрүнгөндөй жүк кирди-чыктылардын көңүлүн бурат. Илгери жүк боз үйгө жыюуга шартташкан. Ал төрдүн да көркү болгон.
Тегерек тарткан керегеге кынап жүк жыюуда кыз-келиндердин чеберчилиги, көркөмдүккө умтулуу дарамети билинген. Бул - үй эмеректеринин бир бүтүмү. Абалы, төрдөн жүк тактасы жабууланат. Үстүндө сандыктар жана жагдандар орун алат.
Килем, шалча, алакийиз, шырдак өңдүү адеми буюмдар жууркан алдында болот. Жууркандар өң-түстөрү боюнча кертимделет. Кээде жүк жабуусунун үстүндө куш жаздыктар өзүнчө кертимделет.
Төрдү тутуу. Кыргыздардын төрү мейман аттуулардын баарына даяр. Салам айтаары, кол берээри менен үй ээси төрүн көрсөтөт. Ахыбалды төрдөн орун алгандан кийин сурашат.
Ыйык сезилгендиктен төрдү таза тутушкан. Дайыма шыпырылып, жаңы буюмдар ушул төргө салынган. Аларга: шырдак, алакийиз, килем, шалча кирет да, анын үстүнө адатта көлдөлөң, кездеме төшөк, курак төшөк, байбичелер үчүн аюу талпак төшөлөт.
Үй ээсинин орду. Адатта, үй ээсинин орду ыпча тарапта болот. Ошол жайга өзүнчө төшөк салып коет. Үйгө улуулар кирип калса, үй ээси тура калып кол берет. Кичүүлөр кирсе, үй ээси ордунан козголбойт да, кичүүнүн айткан саламын алик алат.
Эгер урматтулар (мисалы, улуктар, куда-сөөктөр, калк кадырлаган карыялар, журт башчылары, ж.б. элдик адамдар) келип түшөөрү билинсе, үй ээси эшиктен тосо чыгат да, эң урматтуусунун атын өзү алат.
Кыз баланын жатуу, уктоо маданияты. Эне адебинде кыз баланын төшөктө жатуусу, туруусу, уктоосу тууралуу да айтылат. Кыз эч качан чалкасынан жатып уктабаган, кош-коңурук тартпаган, эки колун башына койбогон. Төшөктөн буту-колун, ж.б. денесин чыгарбаган. Тизесин бүгүп, оң же сол жамбашына бурулуп, бүрүшүңкү жатып уктаган. Төшөккө жатууда жана төшөктөн турууда денесин көрсөтпөө уяттуулугу, назиктиги сакталган. Дене-боюн керилип чойбогон жана да озунуп жатпоочу жан болуусу абзел.
Эрте туруу. Кыз-келиндердин күн чыкканча жатууларын элибиз адеби жок катары баалашат. Деле адамдардын кечирээк ойгонушун, турушун мусулман калкы - ал күнкү ырыстан, кешиктен куру кол калдыга алып барып жорушчу.
Ошон үчүн күн чыкканча жатууда эртең менен малды саашуу, короодон чыгаруу, от жагуу, ж.б. иш аракеттерди кечеңдетүү, өз табынан тайдыруу болуп саналат. Кун чыкканча жаткандарды: «Сасып-ирип, арам болуп жатат» - деп, илгеркилер өлүктүн катарына кошушкан.
Эрте туруу, сергек болуусу, кечке чейин көңүлү куунак жүрүүсү, ар ишти натыйжалуу бүтүрүүсү.
Бут сунуу. Элдин көзүнчө кыз-келиндердин отуруп-туруулары сындан аябай өтөт. Аны энелери, эжелери, жеңелери, улуулары ар дайым бамдоолорго алып турат. Эч ким жокто буту-колдорун чоюп керип, түзөтүп алуулары ыктымал дечи.
Албетте, эл олтурган жайда эки бутту эч качан алдыга созбойт. Шыйрак-балтырын көпчүлүккө көргөзбөйт. Айрымдар: «Тарт бутуңду» - деп, адепсиз уландарды, жигиттерди да тескеп коюулар бар. Улуулардын алдында бутту алдыга сунуу, жол-жобону сактабоо, эне-атаны жер каратып коюучу.
Бөйрөктү таянбоо. Кыргыздар бөйрөктү таянып туруу, бетон улуулардын алдында кыз-келиндердин, улан-жигиттердин өзүн көрсөтүп туруусу өөн көрүнөт. Көпкөндүүлүккө, кесирдүүлүккө, өтө адепсиздикке жорушат.
Бул эри дүйнөдөн көчүп, кара кийип, каза жутуп олтурган зайыптын, адатта, бөйрөгүн ыйы эзип, ошондон чыдай албай, ушинтип олтурганга барып такалат. Андай аза күткөн аялдардын, эт алып кетпеси үчүн, белин бекем бууп, катуу күйүүнүн белгисин берүүсү тийиш болгон.
Мындай жоруктар эл сурагандардын, т.а. көрүнүктүүлөрдүн башкалардан өзүлөрүн ашыкча сезүүсү, ар-намысын абдан сактоосу дейбиз.
Мал сааш салты. Кыргыздарда беш түлүктү асыроо аркылуу андан ар-түрдүү тамак-аштарды, кул-азыктарды жасоо, жыл маалына дейре жеткирүү максаттары жеринен болот. Андыктан малды сааш аракеттерине машыгууда да улуулардын нускоолору жаштарга жагымдуу тасир берүүчү.
Тестиер чактардан мал тосушат, кой эчки саашка катышат, козу-улакты көгөндөшөт. Бара-бара уй-бээ саашка көнүгүшөт. Албетте, күндөлүк жашоо-тиричиликти канааттандыруу менен, бул-кыз бала бирөөлөрдүн бүлөсү барган жеринде кор болбой, өзүнчө чабыт алып кетүүсүнө ич-ара өбөлгө машыгуу жолу.
Сүттү уютса, айран, жуурат, соруктурса, сүзмө, жайса, курут, каймак, сызгырса чобого, кайнатса, эжигей, ж.б. болоорун кыз келиндердин колдорунан чыгаарын тоолук жашоо өзү тастыктаган.
Ошондуктан кайсынысынан кандай азыктардын жаралышы, алар кандай сакталаары тууралуу атам замандан бери үлгүлүү тажрыйбалар бар. Малдын туушу, ууздун ичүүсү, желинде сүттүн булакташы, кайра тартылышы, малдын байышы... өңдүү мезгилдерди күндөлүк турмуш өзү көрсөтүп келген.
Малды ийитип сааштын ыкмаларын билишкен. Ар бир малдын мүнөздүү белгилерин, кандай сүт берээрин саанчы билет. Малга малдай мамиле кылууга элибиздин устаттыгы артылган.
Кыз-келиндер жеринде эмнени үйрөнүп чыкса, кийин өтө жеңил болгон. «Мажирөө окшойт», «жүүнү бош», «салкамчы», «шалаакы», мына ушундай бааларга татуу кыз-келиндердин төркүндөрүн жер каратат, ата-энеге наалат айттырат. Беш түлүктүн (төө, жылкы, уй, топоз, кой-эчки) булардын сүттөрүнүн аш болумдуулугун кыз-келиндер билишет.
Кыз балдарга жазылган, айтылган адеп-ыймандын ичинен токтоолук, тартип, назиктик, дили тазалык баарынан зарыл сапат.
Чачты асыроо. Кыргыздарда чачты асыроо, узун чач кылууда, аны кара далы кылып өрүүдө саамай чачтары тал-тал турушу абалтан салт. Нарктуулукту сактоосу төтөн 14-17 жаштарда чач бат өсөт.
Өзүлөрүнүн чырайларына ого бетер жарашык берет. Жаш келиндердин эки өрүмү, ага тагылган чолпу, учтук, шыңгыр күмүш үн чыгарат. Жаштардын суйсал этүүсү жагымдуу кооздук ыроолойт. Саамай чачы желге тиет.
«Саамайың мал-мал бөлүнгөн,
Сары алма жыттуу жеңем сен.
Санаандан такыр чыгарба,
Сапар жол тартып бөлүнсөм». (Байдылда)
Кыз-келиндер чачтарын жууп-тароодо да көпчүлүктөн дал даалана турган, үйдө адам жокто чач жуушкан. Адептүүлүктү сакташкан, кыздын жеңелери, жеңелериникин кызы жуушка, тарашка, өрүшкө алгоочулук кылышкан. Чачтарын жуушкандан кийин айран сүйкөшкөн, Бул чачты өстүрөт, өрүүгө оңтойлошот, чыбаш кылбайт.
Маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун китебинен алынды
Булак: NazarNews.kg