www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-майында Жаӊы-Абад айылынын тургуну Р.Т., Базар-Коргон районунун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда Базар-Коргон районунун экология инспектору С.Ч.А., аттуу кызматкер опузалап пара талап кылгандыгын, эгерде бербесе айып пул менен коркутуп жатканын билдирген.

Аталган факт боюнча Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон райондук прокуратурасынын тергөөчүлөрү жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү С.Ч.А., пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости