www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин чет өлкөдөн баш паанек сураганын жарыялаган Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан 20-ноябрда өлкөгө кайтып келди. Анын айтымында, эч бир өлкөдөн баш паанек сураган эмес. Кылычбек Султан өлкө башчысына Тышкы иштер министрлигиндеги көйгөйдү жеткирүү үчүн ушундай маалыматтык ыкма колдонгонун “Азаттыкка” айтты:

- Жаман оюм менен эмес, жакшы ойдо президентке жеткирбей жаткан маалыматтарды жеткирүүгө аргасыз кылуу үчүн айткам. "Президентке маалымат жетпесин, жетсе дагы башкача жетсин" деген кайсы бир топтор, таасирдүү адамдар бар. Ошолорго каршы маалыматтык ыкма болду. Тобокелге салып келдим, азыр мамлекетибизде баары ойдогудай эмес.

Мурдагы элчи азырынча Кыргызстанда болорун жана президенттин кабыл алуусуна үмүт кылып жатканын айтты.

12-октябрда Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазган. Ал ошол күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан бошотулган эле. Ага чейин Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык өз корутундусун жарыялап, анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Корутунда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталганы белгиленген. Анын алдында Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости