www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайран союз 70 жыл ичинде жыйнаган мүлктү бир ууч кыраан заматта бөлүп алып, учурда күркүрөп үндөрү катуу чыгып, байбачага айлангандары да чын. Учурда өлкөбүздө эки жүздөн ашуун күркүл бар экенин да жакшы билебиз.
Алардын 90% парламентте олтурган депутаттар экенин айтсак аша деле чаппайбыз.
Атакесинин арты менен депутат болгон сап башында Бакыт Төрөбаев, “Акун” фирмасынын кожоюну Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Абдимуктар Маматов өңдүү үлкөндөрдү “томаяк, эч нерсеси жок байкуштар” деп айтсак анда абдан катуу калпычы болуп калабыз. Ал эми Ат-Башылык күркүлдөр Аскар Салымбековдун, Шакинин, Камчыбек Жолдошбаевди, андан ары уласак Жалил Атамбаевдин, Роман Шин өңдүү көр дүнүйөсү түтөп жаткан байлардын байлыктарын санасак, калькулятор ысып кетиши толук мүмкүн.
Байлыкты башкы көзүр кылган азыркы элдин аң сезими, барган сайын күч алганы да чын. “Канчалык болсо, ошончолук болсо” деп ачкөз байга айланып кеткендерин өздөрү деле билишпесе керек. Байлык илдети менен ооругандар, байлыкка жетээри менен депутат же министр боло калуу үчүн, акчаларын көтөр чаап, акыл даремети жетпесе дагы тилектери кабыл болуп, ошентип азыркы доордун эркелери мансапка көк акчанын арты менен жетип алышып, экономиканы алдыга эмес кайра артка тартып жатканына турмуш өзү күбө.
“Ачыгын айтып аялыңа жакпайсың” дегендей, алар “байлыкка акыл менен жеттик” деп өздөрүн соортушканы менен алдоо жолу менен жеткенин айтсак, чычалап да кетиши толук мүмкүн. Соодада кантип алдоо болбосун, анан соода жолу менен чоңойгон чоңдорго ачык айтып жакпасыбызды да билебиз.
Андыктан бизге байлар эмес, акылы барлар билерман болушса алда канча өнүгөт белек деген гана ой.
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg