www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эсепчилери кышкы сууктун чыгышын төрткө бөлгөн

Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн.

  1. Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19- январдан 2- февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып : “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен

2. Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 2- февралдан баштап “Кырк кыз” келет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, “Кырк кыз” 2- февралдан 14- февралга чейин кетет. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

 

3. Чилденин акырында 14 – февралдан баштап  дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак”  биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот:

Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Куйругу менен козу калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй

Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй

Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…

Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын

Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин

Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет  имиш.

 “Кемпир ыйлаак”  “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп  шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.

“Кемпир ыйлаак”  борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак”  (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби! Мени кетти дебегиле 40 күндө,  ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын”  бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.

4. Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин дагы 12 күн 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Жетимишинчи жылдын аягында алай-дүлөй шамал согуп келатып, “Токсондогу чал” кеткен жатты бекен 8-марттын алды эле, ошондо бир кезде чак түштө эле, капкараңгы болуп калды. Бир топ убакыт капкараңгы болуп туруп эле бир кезде айлана-тегеректин бары кыпкызыл болуп калды. Бала кез койдун кесүүсүн кайтарып жүргөм, кесүү кайтаргандар бары эле коюн таратышты. Мен да таратып жиберип, үйгө келип саатты карасам саат 1 да боло элек экен.

“Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары - бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” - деп коюшат. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Токсон чыгып жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот экен. «Токсон чыгып, томуктай кар калбай калды» - дешчү экен кыргыздар.

Эсенбай эсепчинин эсептөөсүндө мына ушул токсондун чыгышы да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу? Жаз эрте келеби же кеч келеби? Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу? Эсенбай сыяктуу эсепчилер ушул токсондун чыгышын жана кыш чилдесинин ар бир күнүн кандай болуп өткөнүн эсептеп, кандай сыр көрсөтүп жатат деп, өзгөчө эсине сактап байкаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости