www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ырчы Дэвид Олни Флорида штатында автордук ырларынын фестивалында ырдап жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Онлинин концерти ишемби күнү, 18-январда болгон. 71 жаштагы ырчы өзүн жаман сезген учурда отургучта отурган. Сахнадагы башка музыканттар жана көрүүчүлөр ал бир азга эс алып жатат деп ойлошкон. Ошон үчүн алар ошол замат жардамга келген эмес.

Концерттин катышуучулары Олни үчүнчү ырын ырдап жатканда өзүн жаман сезгенин айтышты. Ал кечирим сурап, унчукпай башын жерге салган. Музыканттар “Тез жардам” кызматы келгиче аны өзүнө келтирүүгө аракет кылышкан, бирок жардам бере алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости