www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте телефондук алдамчы кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу Бактыбек Жумашев билдирген.

Анын айтымында, аферист өткөн жылдын 8-декабрында эле кармалган. Учурда анын көмөкчүлөрү изделүүдө.

Жумашев кылмышкерлер алдап акча алуу үчүн эмне кылышарын түшүндүрүп берди. Алдамчылардын бири ага «уулу» болуп телефон чалат дагы, жол кырсыгына кабылганын, бир кишини сүзүп алып, иш тергөөгө өтүп кетпеш үчүн тез арада акча керек болуп жатканын айтат.

- Чалган адамдын үнү чынында менин уулумдукуна окшош экен, бирок, баары бир мен өз баламдыкын кантип тааныбай коеюн, - дейт Жумашев. - Мен дароо бул ушинтип, элден акча «сындырган» алдамчы экенин түшүндүм. Макул болумуш болуп койдум. Ал азыр мага бир киши келерин, акчаны ошондон берип жиберишим керек экенин айтты. Алгач ал 30 миң сом сурады. Бирок, кайра оголе көп сумма айтып койгонун өзү байкап, 14 миңге түшүрдү. Мен бир сааттын ичинде акчаны таба аларымды айтты.

Юрист алдамчыны кылмыш үстүнөн кармоо максатында дароо милицияга телефон чалат. Жыйынтыкта Биринчи май районунун ИИБнын ыкчам тобу акчаны алып кетмекчи болгон курьерди кармайт.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Алдамчылар тобунун башка мүчөлөрү аныкталып жатат.
  

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости