www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул айла кеткенде жаралган суроо. Анткени чынында эле мамлекеттик тармактарда мейли, министрби, же губурнаторбу, “Мегакомбу”, же Кыргыз алтынбы баарында жалаң тамаксоолор, сугалактар, тойбостор быкылдап толуп алгандай түр көрсөтөт. Ал эми элдин добушу менен келген парламеттеги депутаттар тууралуу коомчулуктун пикири таптакыр тескери. Көрсө калк талабын аткарууга эмес өз курсагынын камы үчүн келгендерди эч ким сыйлабайт экен. Көчүгүндө сүйрөлгөн калбыры барлар, шиши толгондор, жаңылып-жаскандар, күнөөгө белчесинен баткандар болсо элден айбыгып жолугушкандан качышат.
Саналуу гана депутаттар бетме-бет сүйлөшкөндөн жазганбай, элдин суроосуна кулак төшөгөнсүйт. Бирок, казынасы соолуган өкмөттүн эсебинен ныпым тыйын өндүрө албаганы үчүн бул деле “хоп, майлинин” катарындагы депутаттын бири турбайбы деген кепке илешет. Чынында эле каражат табылбаса жаралган көйгөйдү атасынын башына чече алабы? Демек, маселе чече албагандарды анан кантип атамак эле?
Шаарларда деле, райондордо дагын кландык топтор үймөлөктөшүп алганы жакшылыктын жышааны деп эсептелбейт. Ким жетекчи болуп барса ал тегерегине санаалаштарын, ийилчээктерди, шылуундарды арбытууга жанын карч урат. Ошол үчүн өкмөттө, агенттиктерде, департаментте, күч структураларында жалаңөз адамдарга кызмат берилгендиктен былыктары чыгып, элдин нааразычылыгы күчөп жатат. Тилекке каршы бүгүн бажасы кетсе кызматтан, эртең анын ордуна бөлөсүн алып келүүгө шугулданышат билермандар. Бир жагынан шайлоо жакындаган сайын өзгөлөрдү сүрүп чыгаруу “операциялары” үстөккө-босток кыймылга келип жатат. Алешемдиги билинсе да эки көзүн тостойтуп ак жакалуулар отура берет эзилип.
Кыргыз мамлекетин “сары чырмоок” биротоло ороп алды. Андан чыгуунун ыкмаларын колдонууга бийлик кызыктар эмес. Суроо берсең, кайра коррупциянын бетин ачканга жардам бербейсиңерби деп догурунат. Айтор, биротоло шишип кеткен “рак илдетинен” кутулуунун жолуна түшө албай кыйналып турабыз. Ал эми андан куткара турган мыктылар болсо борттон алыс ыргытылып, бийликтин босогосуна да жолотулбаган учуру. Жең ичинен кадр маселесин чечкен өкмөттүн, парламенттин, президенттик аппараттын келечеги кандай болот деген суроонун жообу даяр. Алар “даңгыр жолдо” айгай салып кете беришет. Булардын күн карамаларды бийлеткен “чертмегине” да залал тийгизүүгө мүмкүн болбой калды. Себеби, “ыйыктарды” кыймылдатууга кудуретибиз жетпейт. А бирок, кыргыз мамлекетин кантип аман алып калабыз деген суроо мекенчил деген атуулдардын жүрөгүнөн орун алганы айныксыз. Бири кем дүйнө деген ушул турбайбы, атаганат!
Булак: "Ачык сөз"